Чыгармачылык

Үйүң кайда, чымчык? Келечектеги журналист кыздын калемине таандык

Дача-Су айылында Боинг- 747-400 жүк ташуучу учагынын кыйроого учуроосунан шейит кеткен жакындарыбыздын арбагына багыштаймын!

Эртең менен эрте турдум да, мектеп алыс болгондуктан күндөгүдөй таңзаардан мектепке жөнөдүм. Күн суук, жада калса дарактарды да кыроо баскан. Жолдо баратып көчөдө өлүп жаткан чымчыкты көрдүм. Бийиктерде учуп жүргөн чымчык жерге кулаптыр. Байкуш ай деп өкүнүп, мектепке жолумду улап кеттим. Эмнегедир бошоңдоп, өзүмдү жаман сезип жаттым. Жүрөгүмдү бир нерсе өйүй берди.

Сабакта отургам. Мугалимдер ызы-чуу боло баштады. Көңүлүм эмнегедир баягы чымчыкка кетти, өзүмчө жаман ой деп, «кой тынччылык эле болсунчу” деп  өзүмдү алаксыттым. Жүрөгүм өзүнчө эле алдын-ала бир балээни сезгендей мурда болуп көрбөгөндөй кабынан чыгып кетчүдөй согуп жатты. Мугалимдердин бири-бири менен күбүрөшүп, ары-бери патырашып жүрүшкөнү, мага тиешелүү бирдемени билишип ,жашырып жатышкандай, аны мага кандай жеткирүү айласын таппай жаткандай сезилди. Эшикке чуркап чыгып баратсам, эки кыз сүйлөшүп жатканын угуп калдым: “Учак кулап түшүптүр”,- деген сөз кулагыма чалынды,токтоп калсам экөө мени көрүп унчукпай калышты.  Мугалимдердин бушайманга түшүп, түйшүккө батып жатышкандарынын да себеби ушул турбайбы, жүрөгүмдүн эртеден бери кабынан чыкчудай болуп согушу, жол жээгинде өлүп жаткан чымчыкты көргөнүмдүн белгиси ушул турбайбы? – деген миң түрдүү суроолор башымда  мага карай мөндүрдөй жаап жатты. Жоо-жок эч нерсе болгон жок!  Балким учак кулаган жер менин айылым, менин үйүм эместир деп өзүмдү алдап, үзүлбөгөн үмүт менен айылымды көздөй чуркадым. Мен жетишпедим, мен барганча баары күл болуптур.

Шаң-күлкүгө бөлөгөн менин үйүм, менин айылым жер менен бир болуптур. Өзүмдү жоготуп бир убакта көзүм ачылды. Кулагым эч нерсени укпай, бир да нерсени сезбей калгандаймын. Элдин баары айраң-таң, ызы-чуу, ый-мууң! Кара туман айлананы эле эмес, менин жан дүйнөмдү да караңгы кылып салгандай. “Кагылайын, айланайын, садагам,”- деп эркелетишип,там-туң басканымда кубанган ата-энем жок! Бир карынды тебишкен,бир эмчекти эмишкен, кичинемден бери мени менен оюнчук талашып, бирге ойногон киндиктеш бир боорлорум-бир туугандарым эми жок!  Үйүм тургай үй-бүлөмдүн эч кимисинен дайын жок!

Жок-жок. Баары жада калса эч кимиси жок! Учуп келген ажал баарын камырдай жууруп, күлүн сапырып салыптыр. Кечээ эле ата-энемдин кучагында бир туугандарым менен эркелешип ойноп жүргөм, бүгүн жок! Же эмне биздин бактыбыз ушунчалык кыска беле? Алар кайда кетти? Атам, апам, бир туугандарым эми жокпу? Мени таштап кетиштиби? Мен эми аларсыз киммин? Мени кимге ишенип таштап кетишти? Ушул суроолор менин мээмди жеп жатты.  Же ата-энеден жок же бир туугандан жок мен эми томолой жетим калдым. Ата-энемдин ысык кучагынан сурулуп чыгып, таң заардан беш чакырым аралыктагы мектепке шашыла жөнөп кеткенимдин жазыгы ушул беле? Чоңойсом жакшы окуп, ата-энемди багам деген тилегим бар эле! Мен эми кимди багам? Эй Жараткан эмне жазыгым бар эле? Эмнеге мени ата-энемден, бир туугандарымдан ажыраттын? Ушунчалык бооруң таш беле? Кайсы жазыгым үчүн жазалап жатасың? – деген суроолор жүрөгүмдү тырмап, ич-ичиме батпай өксүп-өксүп ыйлап жаттым. Кечинде жаткан бойдон эртең менен таңды көрбөй калышты!  Жерди алса болбойбу? Мал-мүлктү алса болбойбу? Байлыкты алса болбойбу? Анчалык таш боор экен айтып алса болбойбу? Айтканда мен ал күнү сабакка барбастан ата-энем менен чогуу кетмекминго!? Тоо кулады бала болсом да, жан дүйнөм урады.

Ооба бул каргашалуу окуяны мен өзүмдү коюп жаздым. Мен ал жерде болгон эмесмин. Мен уккан нерсемди өзүмдү ошол жерде болгондой жазганга аракет кылдым! Бул күн Кыргызстандын тарыхында өтө оор, кайгылуу күн катары калды. Биз мекендештерибизден, күнөөсүз балдарыбыздан ажырап калдык. Бул каргашалуу апаатты сөз менен жеткирүүгө алсызмын! Ошол каргашалуу апааттан аман калган биз теңдүү,бизден кичинекей замаандаштарыбыз турмуштун сыноолоруна майтарылбай, белди бекем бууп, алга кадам таштоосуна тилектешмин. Биз Кыргызстандыктар сиздер менен биргебиз жана сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз!

Автор: Айтурган Качкынбаева

 И. Арабаев атындагы КМУнун “Мамлекеттик тил жана маданият институтутунун” журналистика бөлүмүнүн 1-курсунун студенти

Добавить комментарий