АрабаевNEWS

Абдырахманов Кореялык делегацияны кабыл алды

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Кореядан келген делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, анын ичинен эки окуу жай арасында макулдашууга кол коюу жана университеттердин бүтүрүүчүлөрү менен байланышты колдоону ишке ашыруу суроолору талкууланды.

Мүдүр Т. Абдырахманов И. Арабаев атындагы КМУ жетишкен эларалык мамилелер туурасында айтып берди. “Биздин университет дүйнолук атактуу университеттер, илимий-изилдөө институттары, академиялар, борборлор жана башка дүйнөлүк уюмдар, бирикмелер, түзүмдөр менен кызматташып келет”, – дейт Абдырахманов.

Тараптар Арабаев университети менен Корея Республикасынын ЖОЖдору арасындагы байланышты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Мамиле билим берүү, илим жана маданият багытындагы тажрыйба алмашууларда орун алмакчы.

Ректор кореялык меймандарга ыраазычылык билдирип, өзү жетектеген мамлекеттик окуу жай кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтык жөнүндогү макулдашууга кол коюшту.

Related Posts

Добавить комментарий