Мурас

Ата. Аталык. Тууганчылык терминдердин түшүндүрмөсү

Ата – 1. Эркек кишинин өз балдары тарабынан аталышы.

Жаштардын улуу эркектерге кайрылуусу.

Байыркы түрк тилинде жана азыркы түрк тилдеринин көпчүлүгүндө колдонулат.

Ата, өзбек тилинде ота, чуваш тилинде атте//ати; ошондой эле алтай, тува, хакас тилдеринде ада; башкыр, каракалпак, татар, уйгур тилдеринде да ата. Кыргыз тилинде башка түрк тилдериндей ата термини жардамчы сөздөрдүн айкалышы аркылуу бир катар туугандык мамилелерди дагы билгизет. Мисалы:кыргыз тилинде чоң ата, казак тилинде улы ата, башкыр тилинде олатай (оло+атай «дед»), татар тилинде дэү эти, чуваш тилинде асатте (асла «старший, главный»);кыргыз тилинде өгөй ата, башкырча үгэй ата, татар тилинде үги ата, каракалпак тилинде огей ата, түркмөн тилинде өвей ата, өзбек тилинде угай ота, чуваш тилинде болсо сене атте (жаңы ата) ж. б.

С. Жумалиев ата – ети – эти деген зат атоочтук уңгуну эт этиши менен семантикалык жалпы байланышта карайт. Анын ою боюнча, жаратылыштын табигый мыйзамы боюнча эркек затына жаратуучулук касиети таңууланган (кыймыл-аракет). Экинчиден, адамзат коомунда атага үй-бүлөнү багуучулук, бүлө мүчөлөрүн турмуш жолуна салуучулук милдеттери да жүктөлгөн (балдарын үйлөнтүү, кыздарын турмушка берүү ж. б. ) [Жумалиев 2015, ].

Э. В. Севортян алтай, тува тилдериндеги ада формасын архаикалык форма катары эсептөө менен, анын тектеш ногой, башкыр, татар тилдериндеги «самец» маанисин эң алгачкысы болсо керек деп эсептейт [Севортян 200-201-б. ].

Аталык. Байыркы кыргыз (түрк) термини. Термин «ата болду», «аталык кылууга ээ болду» маанисин туюнтат. Баланы башка бирөөнүн колуна тарбиялоо үчүн берүү, тууган-туушкан болуунун бир формасы. Өткөн доорлордо тектүү үй-бүлөлөр балдарын атайын тарбиялоо максатында карапайым адамга же башка бир үй-бүлөгө тапшырган учурлары кездешкен. 19-к. Кокон хандыгында аталык башкаруу институту болгондугу маалым. Кокон сарайында кыргыздардын белгилүү мамлекеттик саясий ишмерлери Нүзүп бий, Мусулманкул, Алымкул аталык, Алымбек даткалар хандар үчүн аталык функцияларын аткаргандыктары белгилүү. Бул фактылар Кокон ордосундагы кыргыздардын толук үстөмдүгүн чагылдырган [Каратаев 2015, 32].

Чоң ата – негизи эле түрк тилдериндегиадамдын өз уругуна, тегине байланышкан чоң ата, чоң апа // чоң эне деген туугандык аталыштардын жасалышына чоң, улуу деген кошумча сын атооч сөздөр катышкан. Мисалы: кыргыз тилинде чоң ата «дедушка» же чоң эне // чоң апа «бабушка», казак тилинде улы ата // дэу ата «дед», татар тилинде дэү эти «дедушка» же дэү эни «бабушка», башкыр тилинде олатай (оло+атай «дед»), чуваш тилинде асатте «дедушка» (асла «старший», «главный» деген маанилерди туюндурат) ж. б. Ушул сыяктуу айрым бир өзгөчөлүктөр монгол, тунгус-манжур тилдеринде сейрек болсо да сакталган: монгол тилинде эмэг эх // ээж «бабушка», манжур тилинде сакда аза (сакда «старший») «старушка», «матушка» ж. б.

Баба – байыркы түрк тилинде баба «ата», түркмөн тилинде баба, гагауз тилинде боба, хакас тилинде баба «отец», азербайжан, башкыр, каракалпак, татар тилдеринде баба деп айтылат. Ал эми татар тилиндеги бабай варианты «старик», «дед», «дядя» (атанын же эненин улуу агасы) маанилерин туюндурат. Бул сөздүн тегин Э. С. Севортян ба-+ба деген бала тилиндеги тууранды сөздөн улам пайда болгондугун белгилеп, анын түрк, монгол, иран, семит, славян ж. б. тилдерге чейин таралганын эскертет [Севортян, 10-13]. К. К. Юдахиндин сөздүгүндө баба «дед, предок» иран тилине мүнөздүү сөз катары берилет.

Автор: Ж. Өмүралиева

“Кыргыз тилиндеги тууганчылык терминдер” макаласынан үзүндү

И. Арабаев атындагы КМУ

 

Related Posts

Добавить комментарий