АрабаевNEWS

“Ата-мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайм”, – ректор Абдырахманов

Кымбаттуу Арабаев атындагы КМУнун мырзалары, Сиздерди Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Биздин жашообуздагы эӊ баалуу нерсе – бул тынчтык жана бакубат жашоо. Ошондуктан 23-февраль майрамы көп жылдан бери өзгөчө мааниге ээ болуп келе жатат.  Ушул күнү биз   мамлекетибиздин  эгемендигин жана улуттук кызыкчылыктарын коргогон жана коргоп жаткандардын, Кыргызстандын тынчтыгын жана бейкут жашоосун сактагандардын  бардыгына сый-урмат көрсөтүп ыраазычылык билдиребиз.  Биз  Ата-Мекенибиздин тарыхынын эӊ оор мезгилдеринде анын келечегин коргоп жана сактап калган баатырлардын эрдигине   сый-урмат менен мамиле кылып дайыма эскерип турабыз. Ата-Мекенди коргоочу — бул бир гана чеп бетинде турган жоокер эмес. Бул — биздин экономикабызга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, маданиятыбызга жана идеологиябызга күн сайын эмгеги менен салымын кошуп жаткан ар бир атуул, Кыргызстандын ар бир жараны. Тандаган кесибибиздин түрүнө карабастан ар бирибизге үй бүлөлүк очоктун   чыныгы  коргоочусу болуу, жакындарыбыз жана жакшы санаалаштарыбыз үчүн тирек болуу, өз өлкөбүздүн татыктуу жараны болуу деген ардактуу милдет жүктөлгөн. Анткени ар бирибиз өз ишибизди ак ниеттүү, жоопкеркирчиликтүү жана так аткаруу менен мекенибиздин бакубат жашоосуна жана өнүгүшүнө чоӊ салымыбызды кошобуз.Урматтуу кесиптештер, студенттер ушул майрам күнү бардыгыӊыздарга бекем ден соолук, күч кубат, үй бүлөӊүздөргө бакубат турмуш, кесиптик жана коомдук ишиӊиздерде жогорку жетишкендиктерди каалайм! Ар дайым жергебизде тынчтык жана бейпил жашоо өкүм сүрсүн, ар бир үйгө береке жана ырыскы толсун!

Терен урматтоом менен И.Арабаев атындагы

Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору,

профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович!

Related Posts

Добавить комментарий