Мурас

Барпы акын колдонгон кыргыз тили

2009-жылы жарык көргөн “Кыргыз тилинин академиялык кыскача сөздүгүндө”: Айтыш – кыргыз, казак, каракалпак элдерине өтө кеңири таралган, байыртадан бери келе жаткан элдик оозеки көркөм өнөрдүн бир түрү деп берилген. Ошондой эле айтыш– ырчылардын, чечендердин өз чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин сыноо үчүн өз ара мелдеши; кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында өнүккөн жанр. Ал адат-салт айтыштары жана акындар айтыштары болуп эки чоң топко бөлүнөт. Ал экөө мазмун жана форма жагынан бири-биринен айырмаланган түрлөрдөн турат.

Адат-салт айтышына: “бадик”, “кайым”, “сармерден”, “кыз-жигит” ж. б. айтыштары кирет.

Акындарайтышына: алым-сабак, табышмак, кордоо, учурашуу ж. б. кирет. Бирок бул түрлөр так жиктелбейт, кээде биринин белгилери экинчисинде да кездеше берет.

Айтыш жанрынын алгачкы түрлөрү көркөм сөз өнөрүнүн адамдарга практикалык жана руханий кызмат кыла башташы менен тең жаралган. Мисалы: бадик айтуу, «Бекбекей» ж. б. “Бадикте” адамдар кезек-кезек менен туруктуу ыр саптарын айтып, ооруну денеден «кубалашса», «Бекбекейди» түнкүсүн короо кайтарганда алмак-салмак ырдашкан. Жаштардын ой-санаалары, кубаныч-эңсөөлөрү кайым, кыз-жигит сармерден айтыштарында кенен чагылган.

Көркөм сөз өнөрүндө мелдешүүнүн түрдүү формалары башка элдерде да байыркы замандардан тартып өнүгүп келген. Мисалы байыркы гректерде, арабдарда; япониялыктарда, индиялыктарда, тажиктерде, өзбектерде ж. б.

Токтогул, Эшмамбет, Эсенаман, Барпы, Калык сыяктуу акындар айтыш өнөрүнүн ири чеберлери болгон. Биздин бул макалабызда булардын ичинен Барпынын айтыш өнөрүнө, андагы тилдик байлыгына токтолобуз.

Барпы 16 жашында малай болуп жалчы жүргөн байы Назарбай менен айтыша кетет, себеби, Назарбай өзү жамакчы акын болгондуктан:

“Үйдө жүргөн “уулумсуң”,

Үч тиллалик кулумсуң…

Сен акчага сатып алган кулумсуң” деп Барпыга өзү тийишип калат. Барпы өзүнүн байы экендигине карабастан, тартынбастан туруп:

“Тагимда түзүк төшөк жок,

Жаталбаймын ойдолоп.

Арзымды качан тыңшайсың?

Үч ага-ини жинденип,

 

Үчөөлө мени жумшайсың.

Үч дилда акча бергениң,

Сүйөсүң үшүп өлгөнүм.

Ыраат болор бир күнү

Кордукту сенден көргөнүм, деп жооп кайтаруу менен анын жасап жаткан кылмыш иштерин ашкерелеп, айтышта аны жеңип салган экен.

Мына ушул эле тексттен жалпы элдик сөздөр менен катар тажик, өзбек тилдеринен кабыл алган тиллə/дилдə, тəги деген сөздөрдүн колдонулгандыгын белгилегибиз келет.

Сөз – бул өзүнчө турганда мааниге ээ болгон тыбыштардын курамы же лексикалык бирдик. Сөздүн тыбыштык жагын туюнтуу жагы деп, билдирген маанисин мазмуну деп бөлүү азыркы тил илиминде, анын ичинде диалектология илиминде кеңири колдонулат. Сөздүн мындай жактары бири-бирине дайыма карым-катышта. Ошондуктан кыргыз диалектилериндеги өзгөчөлүктөрдү өздөштүрүүдө айтылган эки көрүнүшкө бөтөнчө көңүл бурулат.

Кыргыз тилинин лексикасы доорлорду утурлап, байланыш кызматын өтөп, байып отурду. Анын байышынын, өсүп-өнүгүшүнүн, толукталышынын себеби элдик тарыхка байланыштуу, башкача айтканда, башка бир уруулардын же уруулар союзунун, этникалык топтордун келип кошулушуна байланыштуу. Анткени алар өздөрү менен кошо лексикалык байлыктарын да сиңиришкен, таркатышкан. Натыйжада, андай көрүнүштөрдүн айрым издери аймактык мүнөзгө ээ болуп, диалектилерде да сакталган. Мындай көрүнүштөрдү, алардын себептерин, факторлорун иликтөө, ошону менен бирге тилдин жазыла элек тарыхын жазуу, аны элдин тарыхы менен байланыштыгын аныктоо жана далилдөө диалектологиянын милдети.

Мындай олуттуу жана татаал маселелерди чечүүдө диалектология биринчи кезекте тилдин өзүнүн (диалектилери менен говорлорунун) фактыларына, анын этнографиялык жыйынтыктарына, тарыхтын маалыматтарына таянат.

Бир тилден экинчи тилге сөздөрдүн өтүшү тилдин тарыхында болуп келген жана боло берүүчү процесс, маданий фактор. Андай көрүнүш кыргыз тилинин тарыхында:

1) монгол лексикасынын катмары;

2) иран-араб тилдеринен оошкон сөздөр;

3) орус (славян) тилдеринен кабыл алынган лексика болуп бөлүнөт.

Аталган тилдерден өткөн сөздөр тарыхый жагынан да, лексика-тематикасы жагынан да, тыбыштык түзүлүшү (дублеттери, аллофондору, варианттары) жагынан да айырмаланат. Ошондуктан элдин тарыхын, сөздөр оошкон доорду жана кабыл алуучунун негизги себебин, жагдайын билбей туруп, аларды өздөштүрүү кыйын. Демек, мындан сөздөрдүн кабыл алынышы тыбыштык адаптация жана контоминация кубулушуна өз таасирин тийгизгендигин көрөбүз.

Азыркы кыргыз тилинин жалпы элдик орток белгилери жергиликтүү диалектилик белгилерине салыштыра караганда алда канча кеңири. Азыркы кыргыз диалектилери менен говорлорундагы көбүнчө лексикалык жана айрым бир тыбыштык бөтөнчөлүктөрдүн бардыгына тең адабий норма болуу укугу берилген эмес. Алардын бардыгы адабий тилдин карамагына өтө берсе, анда адабий тил нормативдүүлүк касиетинен ажырап, баш аламандыкка жол берилген болор эле. Кыскасы, кайсынысы диалектикалык белги экендиги жана кандай тилдик фактылар практика жүзүндө сыноодон өтүп, адабий норма катары кабыл алынып, биротоло калыптанып кеткендиги ачык ажыратылбай, бардыгы аралашып калмак.

Дагы бир белгилей турган нерсе, эгерде бирдей түшүнүктү туюнткан сөздөр же бирдей функцияга ээ болгон жергиликтүү диалектилик бөтөнчөлүктөрдүн бир канчасы жанаша жашап келсе, алардын белгилүү бирөө гана адабий тилден орун алып, калгандары, мындай укукка ээ болбой, нукура диалектилик белги боюнча кала берүүгө тийиш.

Лексикалык диалектизм үчүн негизги эки шарт (негизги белги) мүнөздүү:

1) адабий тилде колдонулбаган, бирок бул же тигил диалектиде, говордо учураган сөз болуш керек;

2) диалектизмдин өзүнүн таралуу чеги же изоглоссасы болуу керек.

Акындын бул айтышынан алгынган мисалында фонетикалык диалектизмдер да кездешет. Фонетикалык диалектизмдер – адабий тилге салыштырганда, диалекти, говорлордо кандайдыр бир тыбышы боюнча гана айырмаланган сөздөр.

Кыргыз диалектилеринде үндүү тыбыштар боюнча жалпылык күчтүү, бирок азын-оолак айырмачылыктар да бар. Мисалы: ичке, кең, эринсиз [ə] тыбышынын колдонулушу. Бул боюнча кыргыз диалектологдорунун илимий эмгектеринде да баса белгиленгендигин айтып кетүүгө болот.

Жыйынтыктап айтканда, Барпы акындын айтыштарында кездешкен диалектилик белгилердин негизинде акынды академик Б. М. Юнусалиевдин классификациясы боюнча түштүк-батыш диалектисинин өкүлү десек болот жана акындын айтыш ырлары бул диалектинин баалуу мурастарын алып жүргөн, сактаган байлык.

Автор: Касымова А.

И. Арабаев атындагы КМУ

Related Posts

Добавить комментарий