Спорт

“Башка өлкөнүн гимни ойнолгондо ыйлагым келди”. 18 жаштагы балбан Элмирбек Садыров

Жалал-Абад. Балалык. Спорт интернаты.

Мен  Садыров  Элмирбек 2001-жылдын 24-августунда  Жалал-Абад  шаарында  төрөлгөм. Менин  балалыгым  Жалал-Абад шаарындагы  Тайгараев  айылында  өттү. Учурда  борбор  калаабызда  жашайм.  Шаарга  келгениме  5  жылдын  жүзү  болду. 2007-жылы  Жалал-Абад  шаарындагы  Тойгонбай  Кошматов  атындагы  №10 мектеп-гимназиясына  1- класска  баргам. Ал  жерден  көп  нерсении үйрөнүп, 7-классымда  борбор  калаабыздагы  спорт  интернатына которулгам. Азыркы  учурда  спорт  интернатында  билим  алып   жатам.

 

Аргентина. Күчтүү атаандаштар. Күмүш медаль.

 

2018-жылы Аргентинадагы Буенос-Айрес шаарында өткөн 3-Дүйнөлук жаштар олимпиадасына катышып келгем. Мен  негизи  Аргентинага  олимпиададан  алтын медаль  алам  деп  баргам. Бирок күмүш  болуп  калды. Бул  да  болсо  менин  бешенеме  жазылган  нерсе  деп  билем. Буга  болсо  да  Аллахыма  чексиз  шүгүр. Мен  пьедесталда  турганда  башка  өлкөнүн  гимни  ойносо  ыйлагым  келди. Ушул  жерде  Кыргызстандын  гимни  ойносо  деп  кыялданчумун. Бирок тилекке  каршы  ойното  албадым. Буюрса  чоңдор  олимпиадасында  гимнибизди  ойнотом  деп  ишенем. Атандаштарым  аябай  күчтүү   болду. Ар  бири  өз  өлкөлөрүнүн  чемпиондору, алар  аябай  жакшы  даярдыкта   келишиптир. Финалда  утулганымдын  себеби, мен  психологиялык  жактан  даяр  болбой калдым. Анын  үстүнө  бутумда  жараатым  бар  болчу. Ошол  себеп  болду  деп  ойлойм.

Үй-бүлө. Кызыгуу. Машыктыруучулар.

Үй -бүлөм туралуу айта  кетсем, үйдө 5  киши  жашайбыз. Ата-энем, эжем, байкем  жана  мен. Ата-энем  азыркы  учурда  айылда  турушат. Атам  жеке  ишкер, апам  үй  кожейкеси. Эжекем  өзүнүн  окуусун  жогорулатуу  менен  алектенип  жүрөт. Байкем  азыркы  учурда  аскер  кызматын  өтөп жүрөт. Спорттон  сырткары кол  өнөрчүлүккө кызыгам. Машыгуудан  сырткары  сууда  сүзөм, теннис  ойнойм. Спортко  жаңы  кадам  таштап  жатканда  Пиримкулов  Чыңгыз агайдын  колуна  баргам. Ал  агайдын  колунда 3-4  жыл  машыктым. Агай  менен  биргеликте  көптөгөн  ийгиликтерге  жеттим. Азыркы  учурда Ахмедов  Майрамбек  агай  менен  биргеликте  машыгып  жатам. Негизи  эле  мен  ушундай  бир деңгээлге  чыкканыма  эки  агайдын  тең  эмгектери  чоң. Учурдан  пайдаланып  агайларыма  ыраазычылыгымды  айта  кетейин. Агайларыма  ыраазымын, мени  өз  баласындай  көрүп өстүргөндөрүнө.

Чет өлкөдөн  алган  таасирлер.

Башка   бир  өлкөлөргө  чыксам  өзүмдү  эркин  куштай  сезе  албайм. Себеби, кайсы  гана өлкөгө   барбайын Кыргызстанга жетпейт  дейм. Кыргызстандын  абасы, суусу  таза, жаркырагын  жазы, аптаптуу жайы, күркүрөгөн  күзү, кычыраган  кышы  бар. Эх… деги  койчу  Кыргызстан  бул  керемет өлкө. Эч  бир  өлкө  Кыргызстанга  жетпейт. Кыргыз  болуп  Кыргызстанда  жаралганыма  сыймыктанам!

Автор: Айтурган Качкынбаева

И. Арабаев атындагы КМУнун “Мамлекеттик тил жана маданият институтунун” журналистика бөлүмүнүн 1-курсунун студенти

Related Posts

Добавить комментарий