АрабаевNEWS

Биз бейишти көрбөгөнбүз эгерим

Жедигер Саалаевдин «Поэзия кечеси» И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында болуп ѳттү.

Жедигер Саалаев акын, журналист, юрист. Ар кайсы жылдарда жарык көргөн “Жөрөлгө”, “Башат”, “Аргасыздык ырлары” ыр жыйнактарынын, “Бакдөөлөттүн жазы…” илимий-публицистикалык китебинин, бир катар пьеса, очерк, илимий жана көркөм-публицистикалык макалалардын ээси, эл аралык коомдук Ч.Айтматов Академиясынын, Омор Султановдун эл аралык коомдук Поэзия академиясынын академиги.

Поэзия кечесин университеттин ректору, профессор Т.Абдырахманов ачып, акындын ѳмүр жолуна, чыгармачылыгына, илимий-публицистикалык макалаларына кеңири токтолду жана КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде «Ардактуу профессор» наамын салтанаттуу түрдѳ ыйгарды.

Куттуктоо сѳздѳрү менен Окуу бѳлүмүнүн башчысы, профессор О.Капалбаев, Музыка кафедрасынын башчысы, доцент К.Жакыпов жана Ош мамлекеттик университетинен келген коноктор чыгышты.

Кеченин расмий бѳлүгү аяктаган соң, акын Жедигер Саалаев жан дүйнѳсүнѳн оргуштап чыккан ырларынан кѳркѳм окуп, таамай айтылган ыр саптары менен жаштарды ата-энени, туулган жерди, жубайды, жоро-жолдошторду сүйүүгѳ, урматтоого чакырды.

Бул кече салттуу поэзия кечелеринен айырмаланып, акын ырларындагы окуяларды эч бир сценкасыз толук бойдон кудум жашоодо болуп жаткандай түшүнүктүү ыкма менен кѳрүүчүнүн жүрѳгүнѳ жеткире алды. Ошондой эле акын азыркы ааламдашуу заманында унутта калып бара жаткан поэзия дүйнѳсүнѳ жаштарды тартууга болгон аракетин жумшады.

Улуу инсандар даңктап келген «сүйүү» лирикалары жѳнүндѳ студенттердин суроолоруна жооп берип жатып, ѳзүнүн студенттик күндѳрүн да эскерип ѳттү.

Акын Ж.Саалаев жаштар менен баарлашуу үчүн поэзия кечесин уюштуруп берген жетекчиликке, уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирди.

ЭНЕ-БЕЙИШ

Биз бейишти көрбөгөнбүз эгерим,

Бейиш кандай, элестетип келемин.
Бейишти биз издеп жүрсөк кайда деп,

Бейиш тура таманында эненин.

 

Баскан изи, турган жери эненин,

Бейиш экен, бейиш деген себебим.
Бала үчүн төккөн эне мээрими ,
Бейиштен да артык, жылуу дегеним.

 

Балдарым деп түзүп турган бейишти,

Эне барда балдар билбейт кейишти.
Балдар үчүн – бейиш алтын апалар,

Балдар бейиш болбогону кейиштүү.

Related Posts

Добавить комментарий