Home Archive by category АрабаевNEWS

АрабаевNEWS

“Университеттерде студенттердин уйкусун келтирген тажатма лекциялардын ордуна МАОК системасын киргизүү таасирдүү болмок”, – дейт испаниялык профессор Сержио Лужан Мора. Сержио Лужан Мора Испаниядагы Аликанте университетинин окутуучусу, компьютердик программалоо боюнча онлайн лекцияларды өткөрүп келет. Албетте испан жана англис тилинде. Жаш көрүнгөн менен профессор
“Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата И. Арабаев атындагы КМУда  “Билге” билим таймашы өтөт. Таймаш Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында өткөрүлмөкчү. Саамалыкты Арабаев университетинин  “Билге” студенттик уюму уюштурууда. Билим таймашында кыргыз
Кыргызстандын аймактарын санариптештирүүнүн мааниси. Дүйнө өлкөлөрү бара жаткан жол. 2030-жылга чейинки стратегиялык багыт жана дүйнө коомчулугу жетиши керек деген 17 максат. Кыргыздын идентификациясы. Келечектин рационалдуу атуулу. Кыргызстанды өнүктүрүү жолунда биринчи кезекте биздин жаштар көңүл бура турган маселелер жөнүндө белгилүү коомдук ишмер, КРнын экс-президенти
«Берген-Бельзендеги мемориалдык эстеликтин мисалында Германиядагы национал-социализм доору». Мындай аталыштагы лекция И. Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасында уюштурулду. Лекцияны Берген-Бельзендеги мемориалдык музейдин кызматкери Даниэль Тонн окуду. Тонн мырза ошондой эле «Бир дүйнө
Кымбаттуу Арабаев атындагы КМУнун мырзалары, Сиздерди Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Биздин жашообуздагы эӊ баалуу нерсе – бул тынчтык жана бакубат жашоо. Ошондуктан 23-февраль майрамы көп жылдан бери өзгөчө мааниге ээ болуп келе жатат.  Ушул күнү биз   мамлекетибиздин  эгемендигин жана улуттук кызыкчылыктарын коргогон жана коргоп
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун тарых факультетинин студенттеринен куралган “Билге” тобу билим таймашында олжолуу кайтышты. Университеттер арасындагы “Тажикстандын улуттук мурастары” аталышындагы билим таймашына Арабаев университетинин атынан “Билге” тобунун жигиттери барган. Мелдеш 2019-жылдын 20-февралында Кыргыз-Түрк Манас Университетинде өттү. Жаштардын аракети,
Жедигер Саалаевдин «Поэзия кечеси» И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында болуп ѳттү. Жедигер Саалаев акын, журналист, юрист. Ар кайсы жылдарда жарык көргөн “Жөрөлгө”, “Башат”, “Аргасыздык ырлары” ыр жыйнактарынын, “Бакдөөлөттүн жазы…” илимий-публицистикалык китебинин, бир катар пьеса,
«Кайрымдуу бол, замандаш!» Мындай аталыштагы  кайрымдуулук иш-чарасы И. Арабаев ат. КМУнун Ч.Айтматов атындагы чоң жыйындар залында уюштурулду. Ага  белгилүү эстрада жылдыздары катышты. Иш-чара КМУнун студенттери Баястан жана Абайдын колдоосу менен уюштурулган. Ага эстрада ырчылары Байыш Момунов, Мирлан Жетигенов, Аваз ж.б. катышты. Андан чогулган каражат кичинекей Айдана
И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Кореядан келген делегацияны кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, анын ичинен эки окуу жай арасында макулдашууга кол коюу жана университеттердин бүтүрүүчүлөрү менен байланышты колдоону ишке ашыруу суроолору талкууланды. Мүдүр Т. Абдырахманов И. Арабаев атындагы КМУ жетишкен эларалык мамилелер туурасында
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Т.А.Абдырахманов Жаштар иштери боюнча комитеттин башчысы Жайна Садыкбекованы жана президенттик стипендияга ээ болгон студенттерди кабыл алды. Кабыл алуу учурунда ректор Т.Абдырахманов окууда, коомдук жана маданий иштерде ѳзүнүн жигердүүлүгүн кѳрсѳтүп, президенттик стипендияга ээ болгон алдыңкы студенттерге ыраазычылык сѳзүн айтты.