Home Archive by category Илим изилдөө

Илим изилдөө

Жогорку окуу жайларында жалпы максат катары студенттердин практикалык даярдыгын илимий деңгээлге жеткирүү талабы коюлат. Л. Кленберг өзүнүн изилдөөлөрүндө төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарган: «Жогорку окуу жайларында окуу – бул изилдөөгө жакын болгон илим менен бирге иштөө ишмердиги». Студенттердин өз алдынча илимий ишмердигине болгон талаптар алардын өз алдынча илимий
Англиянын Саутгемптон университетинин аалымы, доктор Дениз Баден (Denise Baden, Southampton Business School, University of Southampton) чачтарачтар да жаратылышты сактоого орчун салым кошо алат деп эсептейт. Себеби, чачтарачканаларда ысык суу, электр энергиясы жана химиялык заттар көп колдонулат. Ошондой эле, турак үйлөрдө суу ысытуу үчүн энергия баарынан көп сарпталат.
Мындай орбиталдык станция Күндүн энергиясын Жерди булут чүмкөп турганда же Жерге караңгы түшкөндө да жыйнай берет. Себеби, Кытайдын Космостук технологиялар академиясы (ККТА) азыр үстүнөн иштеп жаткан орбиталдык станция Жерден 36 000 км бийиктен орун алгандыктан, анын фотоэлектр батареясына Жердеги аба ырайы эч таасир этпейт. Анда топтолгон энергия Жерге микротолкундардын
Атомдор биригип, бир кесек металл болот. Металлдын бекемдиги атомдордун түзүлүшү менен аныкталат. А бүгүнкү өндүрүш бекем металлды жасай албайт. Анткени түзүлүшү идеалдуу титан азыркы өндүрүштүк титандан он эсе бекем келет. Окумуштуулар берегидей кемчиликти нанодеңгээлде жок кылуу үчүн металлдын атомдорунун жайгашуусун архитектуралык жол менен контролдошту. Тактап
Бул каражат көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга шарт түзөт. Россиялык окумуштуулар ракты дарылай турган жаңы дары ойлоп табышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, бул каражат залалдуу шишикти иммунотерапия жолу менен дарылоого жардам берет. Иммунотерапия — онкологиялык ооруларды дарылоонун жаңы ыкмасы. Мындай ачылыш жасаган АКШлык жана япониялык
Кыргызстандык окумуштуулардын диссертацияларында плагиат табылды. Илимий эмгектерди көчүрүп алууга мурдагы жана азыркы аткаминерлер дагы айыпталууда. Алар плагиат фактысын четке кагып, иликтөө жүргүзгөн орусиялык “Диссернет” уюмун алдамчы деп аташууда. “Диссернет” 2013-жылы түзүлүп, андан бери Орусияда миңдеген илимий эмгектерге экспертиза жүргүзгөн.
Эгерде ата-энеңиздин тегинде жана жакын туугандары арасында узак өмүр сүргөндөр болсо, анда сизде да узак жашоонун генин мурастап алуу жөндөм бар. Муну Голландиянын Лейден университетинин докторанты Нилс ван ден Берг (Niels van den Berg) башындагы илимий топ аныктады. Алар АКШнын Юта университетинин (The Utah Population Database, UPDB) жана Голландиянын Зеландия
Чөптөрдүн гүлү өзүн көздөй келе жаткан бал аарылардын жана көпөлөктөрдүн (Macroglossum stellatarum) үнүн угуп, алардын көңүлүн өзүнө буруу үчүн кошумча жана мурдагыдан да ширин нектар бөлөт. Израилдин Тель-Авив университетинин биологдору бул кубулушту энотеры (Oenothera drummondii) өсүмдүгүнө түрдүү жыштыктагы үндү багыттап, аларда пайда болгон вибрацияны өлчөгөндөн кийин
Тарыхта биринчи жолу саликорниядан өндүрүлгөн биологиялык отун менен учкан авиалайнер жүргүнчү ташыды. Абу Даби-Амстердам каттамын 15-январда Бириккен Араб Эмирлигинин “Алитихад” аба жолдор (Etihad Airways) компаниясына караштуу Boeing 787 учагы аткарды. Биоотунду Абу Дабидеги ISEAS (Integrated Seawater Energy and Agriculture System) илимий концорсиуму бир жылдык
Бир нече жылдан бери булганган аба Кытайдын чоң шаарларын муунтуп, орчундуу көйгөгө айланды. Кытайда булганыч абанын кесепетинен жыл сайын орто эсеп менен 1,1 миллион киши бейажал өлөт, экономика 38 миллиард доллар чыгым тартат. Булганган аба, Гонконг университетинин соңку изилдөөсү аныктагандай, шаар калкы арасында өзүн бактысыз сезгендердин көбөйүшүнө да салым кошуусу