Мурас

Чыңгыз ханды кыргыз кылуунун канчалык кажети бар?

Кыргыз тарыхында сенсация кыла коём деп бир мекендешибиз “Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон”, деген чыгарма жазган эле. Бул кабар кыргыз коомчулугуна тарар замат көптөгөн пикирлерди жаратты. Тарыхтын дөңгөлөгүн чимирилте айланткан даңазалуу, каардуу инсандын генеологиясына байланыштуу маселелер боюнча али өзүнүн этносуна жабыштыра коюуну көздөп, тарыхын байытууну максат эткен бир канча улуттар ага далалат жасашкан эле. Узак барбай эле коңшу казактын бир профессору, өзүнүн Чыңгыз хан тууралуу мистикалык чыгармасында бул инсанды нагыз эле казак кылып коёт. Балким, бул аракет казактардын чоң төбөлдөрүнүн заказы болуп жүрбөсүн. Анткени, бул көрүнүш Казакстанда өнүгүп кеткен.

Эми кайра кайрылып жанагы маселеге келсек. Чыңгыз хандын теги тууралуу жазылган чыгармасында автор: “ Чыңгыз хан кыргыз болгон, анын чоң чоң энеси Алангао – бул кыргыз санжырасындагы Наалы эженин дал өзү” -деген пикирин абсолюттук чекте туура экенин Е. Кычановдун [Жизнь Темучжина думавшего покорит мир], деген чыгармасына таянуу менен айтат. Евгений Кычановдун кесиби боюнча жазуучу экенин да унутпоо керек. Чыгарманын автору экс-депутат Бегиш Ааматов, чыгарманы жазууда бир канча санжыра түрүндөгү эмгектерди Аксак Темирдин небереси болгон Мирза Улугбектин «Турт (төрт) улис тарихи» деген эмгектеринен маалымат чогултканын мындан бөлөк илимий изилденген фундаменталдуу эмгектер жөнүндө сөз жок. Автор, дагы кошумчалап Алангао туурасындагы легендадагы“Баргужин” уруусу, бул – кыргыздардын санжырадагы ичкилик уруусу болгон “Баргы”экендигин жана өзүн ошол уурудан экендигин Коомдук Биринчи Каналдан( КТРК) эфирге чыгуучу “Улутман” теле көрсөтүүсүнөн шардана кылган эле. Демек, анын жазган чыгармасына баа берип жатып бул өңдүү факторлордун бар экенин да эске алуу керек.

Эми ошондой жаңы “табылгаларды” учкай баяндап өтөбүз:

Адольф Гитлер кыргыздын “арий”уруусунан болгон, демек кыргыз.

Адам Атанын өзү нагыз кыргыз болуптур. Анын уруусу жаңы санжыраларда такталып берилмекчи.

Аттила, – шек күмөнсүз кыргыз болгон. Негедир латынча жазма булактары бул чындыкты бизден жашырган сыяктанат.

Оо дүйнөдөн калмак ырчысы Жайсаңдын Бүбү Майрамга аста-секин кулагына шыбырап, жөнөткөн маалыматына караганда Манас биздин замандын 670-жылы туулган экен.

Мухаммед Кыргыз, Тагай бийдин дал өзү.

1916-жылдагы көтөрүлүш маалында чыккынчылык кылгандарды деле “элди коргогон” баатырлар деп ашкере мактайлы, даңктайлы ушул аркылуу тарыхыбыз байый тургандай.

1240-жылы Чыңгыз хандын уулу Угедейдин тушунда алгач уйгур тилинде андан кийин кытай тилине транскрипцияланып жазылган “Моңголдун жашыруун (купуя) тарыхы”, бул моңголдордун тарыхын баяндаган олутту тарыхый булак болгон чыгарма. Бул чыгарманын моңголчо текстин Висконсин-Мэдисон университетинин профессору Жон Стрит (John C Street) 1985-2013-жылдар аралыгында санарипке түшүргөн.

Аталган тарыхый эмгектин маанисине токтолуп жатып, жогорудагы келтирилген Чыңгыз хандын келип чыгуу теги боюнча жазылган эмгек жөнүндө белгилүү тарыхчы-окумуштуу тарых илимдеринин доктору, профессор Т. Чоротегин:  “Чыңгыз хансыз эле кыргыз тарыхы терең тамырланганын айтып коюшубуз керек. Өз тарыхыбызды моңголдордун тарыхынын эсебинен кооздоп алуубузга эч кандай зарылчылык жок”, – деп эсептейт.

Кыргыздын өз тарыхында башка эч бир этнос талаша албаган Барсбек каган, Мухаммед Кыргыз, Тайлак баатыр, Полот хан, Курманжан датка, Ишенаалы Арабаев, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов жана Исхак Раззаков өңдүү тарыхый инсандарыбыз бар. Изилдөөгө болгон дилгирлигибизди мына ушуга окшогон инсандарыбыздын бейнесине багыштасак максатка ылайыктуу болмок.

Related Posts

Добавить комментарий