Макала

Физика илимин мыкты билген Жеңижок акын

«Аксыдан чыккан Жеңижок,

Айтышаарга теңи жок»

– деп легендага айланган, Женижок ( Өтө ) Көкө уулунун мурастарын окуп үйрөнүү жана изилдөө адабиятчылар, сынчылар,  философтор тарабынан түрдүү нукта ар тараптуу каралган. Акындын «Аккан суу» чыгармасы табиятты сүрөттөөдө азыркы илим менен дал келүүчү ой-пикирди өз ырларында чагылдырып турат.

Бул  макалада   Женижок   акындын   «Аккан   суу»   чыгармасынын   негизинде   табият  илиминдеги түшүнүктөр, анын ичинде физикалык кубулуштардын берилиши акындын ырларынын мисалында каралды.

Жер жүзүндө жайылып,

Толуп чыккан аккан суу.

Жети кабат жер астын,

Жарып чыккан аккан суу.

Алты кабат жер астын,

Жарып чыккан аккан суу.

Адам менен обону,

Багып чыккан аккан суу.

Ал эми азыркы илимдердин маалыматы боюнча, Жер негизинен ондогон километрди камтыган кора деп аталган бөлүктөн, кора ары түпкүрүнөн карай 1400 км тереңдеген мантиядан, 3500-5000км алыстагы «оболочка» катмарынан жана 2500км радиуска ээ болгон кифе же ядро деп аталган бөлүктөн турат. Негизинен Жер 4 чон катмардан турат.

Жеңижок акындын ырында «Жети» же «Алты» кабат Жер асты деп ыр уйкаштыгына ылайыкташтырылганы жөн гана көркөмдүкпү? Же ата-бабадан келе жаткан «Жети» санын ыйык тутуп пайдаланышыбы? Айтор, суунун чыкканы жөнүндө илимий маалыматты бар изилдөөчүдөй жазышы, бир чети таң калтырса, экинчиден туюму өтө мыкты экендигин айгинелейт.

Кууш жерге келгенде,

Күркүрөгөн аккан суу.

Үрөйүңдү учуруп,

Үн сүрөгөн аккан суу.

Эңкейишке киргенде,

Аркыраган аккан суу.

Кулагыңды тундуруп,

Капчыгайды чуу кылып,

Шаркыраган аккан суу.

Механикалык толкундун чөйрөдө таралуусу үн болуп эсептелет. Үн, чуу бул – механикалык толкун, суу аккан жердин өлчөмунө жараша суунун ылдамдыгы өзгөрөт. Тегиз жерден эңкейишке киргенде, суунун агымынын жогорулагандыгын, аркыраган деген сөз менен тегиз жердегиден башкача агып калгандыгын айтып жатат. «Капчыгайды чуу кылып» – деген сөз аркылуу суунун агымынан чыккан үн толкундары түрдүү жыштыкта экендиги белгиленип турат.

Өз тулкусун жоготпой,

Бир тамчысын коротпой,

Кармап келген аккан суу.

Аягы жок колу жок,

Токтойм деген оюу жок.

Мындай сап менен суюктуктун өзү ээлеген идиштин көлөмүн кармай, үзгүлтүксүздүгү белгиленген.

А жаныбар аккан суу,

Деңизинде сойлогон,

Алышканын койбогон.

Арыстан баштуу, мурду шиш,

Канаты бар учканга.

Бул дүнүйө жалганды,

Кайраты бар жутканга,

деп толкундун түзүлүшү арстан баштуу болуп көрүнүп, ылдамдыгы, көлөмү чоң болгон сайын жогору болуп, күчүнүн ченемсиз экендиги, суунун жаныбар сыяктуу кыймылда болоору жана анын кыймылы салыштырмалуу аныкталаары айтылат.

Алтымыш кулач, беш баштуу,

Ажыдаарың дагы бар.

Жарык кылган түндөсү,

Кулагынын түбүндө,

Күйүп турган шамы бар.

Көп көлөмдүү алыска аккан суунун, беш жерге бөлүнгөн учурун, мифтик көз карашта өтө чоң, өтө коркунучтуу сойлоп журүүчү жаныбар – ажыдаарга салыштырса, суудан чагылган Айды же Күндү кулагында шамы бар деп салыштырат.

Жаралганда тегинен,

Тунук болгон аккан суу.

Тазалыгы жагынан,

Карап турсаң баарынан,

Улук болгон аккан суу.

Анын оптикалык жактан тунук зат экендиги белгиленүү менен, тунуктук тазалыктын эң улуу символу катары бааланып «Улук» деп салыштырылууда.

Арам менен адалды,

Ылгабайсың аккан суу.

Бир адамды жамандап,

Булгабайсын аккан суу.

Мында инерциалдык эсептөө системасында бардык механикалык процесстер бирдей жүрөт, деген ойду поэзиянын тилинде бизди курчап турган чөйрөдөн, жакшы менен жамандан, адал менен арамдан көз карандысыз ага бере тургандыгын, дүйнөнүн чексиздигин белгилеген.

Жайы – кышы барабар,

Саан алган аккан суу.

Асмандан суу кубулуп,

Жаан алган аккан суу.

Зат бир абалдан экинчи абалга өтүп бууланарын температурага жараша сууга айланып, жамгыр болуп төгүлүп, саан уй челекти сүт менен толтургандай, суунун башатынын бири жамгыр экендигин жана зат алмашуу жылдын баардык мезгилинде жүрө тургандыгын белгилеген.

Суу мылтык жасап алышып,

Суу мылтык менен атышып .

Бир кумарга канышып,

Балдар келген аккан суу.

Газдарда жана суюктуктарда басым баардык багыт боюнча берилерин билбесе да суу мылтыктан чыккан сууну сурөттөгөн.

Таң кашкайып сүргөндө,

Булуттуу шамал түргөндө,

Суу катуулап киргенде,

Тараза жылдыз бөлүнүп,

Ой-тоонун баары көрүнүп,

Суурулуп жылдыз чыкканда,

Таңкы Чолпон батканда.

«Тан кашкайып сүргөндө» – бул астрономиялык күүгүм, б.а. Күн Жер бетине көтөрүлүшүн, же тагыраак айтканда Жердин өз огунун айланасында айлануусундагы 20 минуталык убакытты элестетсе, «Тараза жылдыз бөлүнүп»- деген сабы кыргыздардын 12 зодиакалдык жылдызды билишээрин туюнтат. Чолпон – Венера планетасын жылдызга теңегендиги жанылыштык болсо, ал эми анын горизонттон көрүнбөй калышы (асман телолорунун салыштырмалуулугун) Жер бетине толук жарык келбесе да, жылдыздардын толук көрүнбөй калышын туюндурат.

Ташка тийген жеринен,

Көгүш жалын от жанып .

Жарга тийген жеринен,

Жолум үйдөй из калып.

Суу энергияга ээ болору, анын энергиясы жоголбостон тийген жеринде өзгөртүү пайда кыларын баяндайт.

Тегирменди айлантып,

Кызматын көр жарашкан .

 

Суу энергиясынын эсебинен механикалык жумуш аткарыл жаткандыгын айтууда.

Кышын – жайын барабар,

Коргошундай көлкүлдөп,

Тунук болуп мөлтүлдөп,

Эрип өттүң аккан суу.

Өмүр шерик адамга,

Болуп өттүң аккан суу.

Мезгилден көз карандысыз, таза жана тунук ар дайым кыймылда болору (аккан суу) жана тирүү жандыктар анын чегинде адамдын өмүрү менен байланышы өзгөчө орунда турары баса белгиленген.

Мына ошентип, Женижок (Өтө) Көкө уулунун «Аккан суу» чыгармасын физикалык көз карашта талдоо менен төмөндөгүдөй жыйынтыктарга келүүгө болот.

  1. «Аккан суу» – деген сөз өзү, суу ар дайым кыймылда дегенди туюнтат. (Сөз аккан суу жөнүндө болуп жатат, көлмөдөгү же идиштеги суу эмес).
  2. Жер татаал бир нече катмардан тураарын.
  3. Суунун агып жаткан жердин түзүлүшүнө жараша ылдамдыгы түрдүү ундү, кээде чууну да жаратаарын.
  4. Суу өзү куюлган идиштин көлөмүн ээлей тургандыгын.
  5. Суунун кыймылынын салыштырмалуулугун.
  6. Суунун агрегаттык абалдарда болушун.
  7. Басымдын берилишин,
  8. Кыргыздардын, анын ичинде акындын зодиакалдык жылдыздарды билиши .
  9. Суу энергияга жана белгилүү бир күчкө ээ болоорун, ал энергиянын же күчтүн эсебинен механикалык жумуш аткарууга болорун.

Жыйынтыгында физика илимин студенттерге болобу, окуучуларга болобу окутууда Женижок (Өтө) Көкө уулунун «Аккан суу» чыгармасын пайдаланып, так илимге кошумчалап өтсө, угуучулардын физикага болгон кызыгуусун арттырууга болот.

Автор: Өскөнбаев М. Ч.

2011-жылы И. Арабаев атындагы КМУнун журналына жарыяланган  “Жеңижоктун “Аккан суу” чыгармасындагы физикалык түшүнүктөрдүн берилиши” аттуу макаласы.

 

 

Related Posts

Добавить комментарий