АрабаевNEWS

Конок лекция: германиялык тарыхчы Арабаевдин студенттери менен пикир алышты

«Берген-Бельзендеги мемориалдык эстеликтин мисалында Германиядагы национал-социализм доору». Мындай аталыштагы лекция И. Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасында уюштурулду.

Лекцияны Берген-Бельзендеги мемориалдык музейдин кызматкери Даниэль Тонн окуду. Тонн мырза ошондой эле «Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын стипендиаты.

Чет элдик лекторду угууга тарых факультетинин студенттери жана бүтүрүүчүлөру келишкен.

Сабактын жүрүшүндө студенттерден  кызыктуу суроолор берилип, пикир алмашуулар аркылуу жаңы маалыматтарды угушту.

Related Posts

Добавить комментарий