Илим изилдөө Илимпоздор

Космосто солярдык электростанция курулат

Мындай орбиталдык станция Күндүн энергиясын Жерди булут чүмкөп турганда же Жерге караңгы түшкөндө да жыйнай берет. Себеби, Кытайдын Космостук технологиялар академиясы (ККТА) азыр үстүнөн иштеп жаткан орбиталдык станция Жерден 36 000 км бийиктен орун алгандыктан, анын фотоэлектр батареясына Жердеги аба ырайы эч таасир этпейт. Анда топтолгон энергия Жерге микротолкундардын же лазер нурунун көмөгү менен жөнөтүлүп турмакчы.

Дүйнөдөгү биринчи солярдык орбиталдык станция 2025-жылы иштей баштайт деп мерчемделүүдө.

ККТАнын изилдөөчүсү Пан Жихаонун айтышынча, космостук станция “адамзат үчүн таза энергиянын түгөнгүс булагы болот” жана электрокөлүктөр каалаган убакта жана каалаган жайда орбиталдык станциядан заряддалса болот.

Кытай окумуштуулары электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн 2021-2025-жылдар аралыгында стратосферага чакан жана орто солярдык электрстанцияларды учурмакчы. Ал эми 2030-жылы космосто мегаватт деңгээлдеги солярдык станция курат.

Окумуштуулар менен инженерлер солярдык электростанцияны космосто курууда өч өлчөмдүү технологияны жана роботторду пайдалануу мүмкүнчүлүгүн да изилдеп көрүшүүдө. Мындан тышкары космостук электростанция бөлгөн микротолкундардын нурлануусу атмосферага жана Жердин экологиясына ыктымал тийгизчү таасири да изилденет.

Былтыр Калифорния технологиялык институтунун окумуштуулары Күн энергиясын жеңил плиткаларды пайдаланып, космосто иштетүүнүн жана Жерге берүүнүн жолун тапканын жарыя кылган.

Ушу чакта Жапония, Индия жана Европанын илимпоздору да Күн энергиясын космосто пайдалануу идеясы менен алек.

Космостук электростанция Жерге таза энергия жөнөткөндөн башка да Аалам койнуна келечекте жиберилчү миссияларды энергия менен камсыздоо үчүн да колдонулушу мүмкүн.

Пан Жихао билдиргендей, алардын алдындагы эң татаал техникалык милдет: 1000 тонналык солярдык станцияны орбитага чыгаруу. Эл аралык космостук станциянын салмагы 400 тоннадан бир аз ашыгыраак.

Бул долбоор Кытай өкмөтүнүн толукталып турчу энергияны кеңири колдонуу жана космосту өздөштүрүүдө лидерлердин катарындагы ордун бекемдөө ыкласын шарданалайт.

Булак: Азаттык радиосу

Related Posts

Добавить комментарий