АрабаевNEWS

Куттуктайбыз! Арабаевдин “Билге” тобу сынакта 3-орунду алды

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун тарых факультетинин студенттеринен куралган “Билге” тобу билим таймашында олжолуу кайтышты.

Университеттер арасындагы “Тажикстандын улуттук мурастары” аталышындагы билим таймашына Арабаев университетинин атынан “Билге” тобунун жигиттери барган.

Мелдеш 2019-жылдын 20-февралында Кыргыз-Түрк Манас Университетинде өттү.

Жаштардын аракети, калыстардын чечими менен “Билге” тобу байгелүү 3-орунду ээледи.  Жеңиш ээлери менен таанышып алыңыздар: топ башчысы Арстанбек уулу Чыңгызхан,  топтун мүчөлөрү Жакшыбаев Эгемберди, Кадырбек уулу Темирбай жана Убайдуллоев Жонибек.

Жарыш Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчилиги тарабынан уюштурулган.

“Билге” тобу буга чейин дагы уюштурулган “Өзбекстандын улуттук мурастары” аталышындагы сынакта 1-орунду алышкан.

Жаш тарыхчыларды куттуктап, ийгилик каалайлы!

Related Posts

Добавить комментарий