Мурас

Кыл кыяк менен манас айткан Кенжекара жөнүндө аңгеме

XX кылымдын башында, тагыраагы 1903-1904-жылдары Орто Азияга, Түркестанга саякаттап келген (мүмкүн мамлекеттик тапшармалар менен келген) Б.В.Смирнов «В степях Туркестана» деп аталган аңгеме сымал очерктеринин жыйындысын 1914-жылы жазып чыгарган. Ал эмгекте Түркестандын жергиликтүү эли сарттардын, казактардын, дунгандардын, кыргыздардын турмуш-тиричилигин чагылдырган сүрөттөрү менен кошо аңгемелер баяндалат. Бул очеркте кыргыз элине ырчы, кыл кыякчы, манасчы жана семетейчи катары таанылган Кенжекара тууралуу дагы өтө кызыктуу маалыматтар чагылдырылган. Эң кызыктуусу Кенжекара эпосту кыл кыяктын коштоосунда айткан экен (Кенжекара Калча уулу – солто уруусунун дандыбай уругунан. Ал 1859-жылы Пишпекте төрөлгөн). Анда, аңгеменин толук кыргыз тилине которулган текстин сиздерге сунуштайбыз.

Жергиликтүү бир адам үйгө баш багып: – «Азыр Кенжекара келет», – деп айтып калды. – «Кенжекара?… Кенжекара? Ким ал?», – дедим. – «Кенжекара? Сиз эмне, Кенжекаранын ким экенин билбейсизби? Кенжекара деген кыргыздын белгилүү ырчысы», – деди. Баарыбыз талаа таңшып ырдаган ырчыны  босогого келгенге чейин  дуулдап, дымып күтүп калдык.

Жөнөкөй тери тон кийген, башында шуңшуйган калпагы бар, колуна куржун кармаган кичинекей  кыргыз жакындап келип, шашпай аттан түштү. Жанындагысы кожоюнун күткөн иттей болуп босогодо күтүп калды. Бөлмөгө киргенде Кенжекара калпагын алып, майланышкан топусун башынан албай олтура кетти. Ал кадимки эле орто жашап калган, чап жаак, мурду кыска, көзү жашылданып, кызарып турган киши экен…

Жерге малдаш токунуп отургандан кийин куржунунан аспабын (кыл кыягын) алып чыкты. Бул аспап биздин скрипкага жана ашкананын чоң кашыгына окшогон эки кылы бар, музыкалык аспап эле. Ырчы кыяктын кылын кармап көрүп, бир-эки жолу чалды… Үн бирде онтогон, бирде жөргөмүштүн торуна чалынган чымындардын ызылдаганын элестетти. Жашылданган көзүн жумуп алып, бир нече көз ирмемге ойго батып кетип, андан кийин сергектене калды. Бет тарамыштары көзүнүн тегерегине топтоло, тырышып бырышкан бети жыйнала калды. Ал көкүрөктүн тереңинен коңур үн чыгарды. Бул музыкадан жана ырдоодон болгон таасирди айтуу өтө кыйын… Кекиртек менен ырдалган үн көмөкөйдөн чыгып, музыканын өзүнө ылайык келип, жарашып турду. Бул ырчынын талаа-түздөрдө, бөлмө ичинде эң мыкты экендиги даана көрүнөт. Анын ыры жапайы жана коркунучтуу үндөр менен коштолуп жатты. Балким, ал үн чыгарып жатып, кыргыздын элдик оозеки чыгармасында тигил же, бул чыгармасын айкалыштырып, ырдын мазмунун түзүп жатса керек. Чынында эле, бул анык ырчы-баянчы окшойт. Ал ырдап жатканда угуучуларды такыр караган жок, өзүн курчап турган кишилерди унутуп койгондой, башка дүйнөгө аралашып, өйдө жакты тике карап ойной дагы, ырдай дагы берди. Ал көпкө созуп ырдады. Котормочунун айтканына караганда анын ыр-баяны орус элинин Илья Муромец сыяктуу ролун аткарган кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында белгилүү Ак-Бала баатыр жөнүндө жомокту обонго салып жатканы бизге белгилүү болду. Ыр-баяндын тили образдуу, укмуштуудай салыштырмалууларга бай жана көптөгөн түшүнүктөрдү камтып кеткендиктен мен Атайбек которгон жомоктун мазмуну менен тааныштырып кетүүнү туура таптым.

Алгач, Кенжекара азыраак кириш сөз кылып ырдап өттү:

«Калайды канча ээритсең дагы жез болбойт;

Ким сүйлөгөндү билсе, ал акыл менен айта алат», – деп андан кийин Ак-Бала тууралуу ыр-баянга өттү.

Таштуу жолдогу бейитти аралап Ак-Бала тоо башына чыгып барды. Ак-Бала ак ичигин кийип, ак боз атын чаап баратты. Анын алдында булгаары чапталган ээр, күмүш жалатылган басмайыл жана тердик эле. Башында күмүштөн куюлган тулга. Анын көптөгөн үйүр-үйүр жылкысы, алардын жем-чөбү, кармаган жалчылары жана эч нерседен коркпогон баатыр жигиттери бар эле.

Ак-Бала карагайдан жасалган найзасынын ак сабына ак туусун илип, кара калмактарды кубалап, жигиттери менен чаап баратты. Талааны кара таандай каптаган калмактарды Ак-Бала ак шумкардай кубалап жетти. Калмактар кара саздуу жерге жашынышты. Үйүр-үйүр жылкыларды, аласы менен куласын айдап кайтты… Ак туяктуу, боз бээлерин айдап кайтты. Ак-Бала бийик тоонун башына көтөрүлдү. Элим тоонун башынан эки жол көрүндү. Көптөгөн баатырлар бар эле, бирок Ак-Бала гана Элимдин жалгыз чыкты, чокусуна туруп калды. Алтайдын башында алты жол бар эле, аны толугу менен айланып чыгып, Алтай тоонун чокусуна дагы жалгыз чыкты.

Андан кийин Кенжекара жомок жана дастандардын кеңири жыйындысы болуп саналган Семетей жөнүндө, эпостун үзүндүлөрү менен  тааныштырды. Кенжекаранын сөзү боюнча бул дастанды кырк күн жана кырк түн айтса болот экен. Поэтикалык үзүндүдө ырчы жаш Семетейдин Акун хандын кызы Айчүрөктү издегенин сүрөттөп берди.

…Тайбурул тулпарын минген Семетей, Акаяк бийик тоосуна чыгып барды. Анын жанында эки жөкөрү бар эле: бири он эки жашар Күлчоро, экинчиси он эки жашар Канчоро.

Семетейдин жүзүн кара булут каптады. Акун хандын шаарын Шыгайдын уулу Чынкожо менен Жедигердин уулу Эр Толтой басып алып, ханын өлтүрүп, бийлик жүргүзүп, хандын айдай сулуу кызы Айчүрөктү туткундап алышыптыр. Анын сулуулугу айдай нур чачып, чатыр ичинде жылдыздай жанып жымыңдайт. Айчүрөктүн сулуулугу тууралуу даңаза Алтайдын бийик тоолорунан агып түшкөн мөңгү сууларындай алыска тараган эле. Ал кабар Семетейдин жүрөгүн толкутту. Семетейдин жүрөгү кайнап чыкты, ээриген майдай жайнап чыкты. Бүркүт кабагын салган Семетей кең талааны карап, алыстагы Акун хандын шаарынын жанынан карарган жоону көрдү.

  • Бул жакка келгиле Күлчоро менен Канчоро!, – деп чоролорун чакырды. «Атыңарды мингиле дагы, жөнөгүлө, элге айткыла, Шыгайдын уулу Чынкожо менен Жедигердин уулуЭр Толтойду кармап, аркан менен байлап, айдай сулуу хандын кызын туткундан бошотушсун. Эгер алар менин айткан өкүмүмдү аткарышпаса, короодогу койдой соемун», – деп Акун хандын калкына чоролору аркылуу буйрук берет.

Семетейдин он эки жашар достору Күлчоро менен Канчоро Акун хандын шаарына жөнөштү. Алар кокту менен жыландай сойлоп, тоо үстүнөн бүркүттөй сызып өтүштү. Алардын жүрүшүнөн замбиректен ок аткандай жер титиреди, аттары аткан октой сызды. Аз жүрдүбү же көп жүрдүбү, аны бир гана Кудай билет? Бардыгын Кудай жараткан, ал өзү гана билет.

Алар Ченөркөчкө келишти. Ченөркөч буркан-шаркан түшүп ташкындап агып жатат.  Карагай, талдын баарысын тамыры менен агызып, үйдөй болгон кара таштарды кумдай кылып сапырып жаткан экен дарыя. Аны эч ким даап кече албай туруп калды бардыгы. Ченөркөчтүн боюна коркконунан түлкү уялабайт, тереңдигине аркан бойлобойт. Буга болбостон Күлчоро менен Канчоро кечмелик издеп турбастан, тайманбай сууга киришип, көздөн кайым болушту. Суунун муздагына чыдабай аттары турду титиреп, ат жабдыктын баары суу болду.

Семетейдин айткан өкүмүн Акун хандын шаарынын калкына айтып турушту. Семетейден коркконунан Чынкожо менен Толтойду аркан менен байлашты.

Ошол түнү Айчүрөк жатып түш көрдү. Ал беш келин, 40 кызды чакырып: – «Мен түндө жатып түш көрдүм, ким жакшылап жоруса, жүз бээлик баалуу тон берем. Түшүмдө ат башындай Ак Шумкар көк жал бөрүлөрдү, териси баалуу түлкүлөрдү жана түрдүү канаттууларды алып жатыптыр. Бул түшүмдү жоручу? Кайра көзүм илинип, дагы түш көрдүм. Эки ала чаар жолборс Акун хан шаарынын көчөлөрүн, короолорун жойлоп жүрүптүр, ит үрбөдү. Кыздар бул эмне болуучу, бул түшүмдү жоручу? Тоо түбүнө көркөм үй тиктим, бул эмне деген түшүм болуучу? Үйдүн ортосунан төбөсү асманга жеткен бийик терек өсүп чыкты, бул эмне болгон түш, кыздар? Үй жанында эки майлуу көл бар экен, анда бакалар чардады, бул эмне деген түш, муну кыздар жоручу?», – деп Айчүрөк кыздарга, келиндерге карап ботодой көзүн жайнатты. Кыздар келиндерди карады, келиндер жерди карады. Ошондо алардын ичинен кедейдин бир кызы чыкты.

– «Акун хандын Айчүрөк, жакшы түштү көрүпсүң! Анда, мен жоруп берейин. Ат башындай Ак шумкар зор бөрүлөрдү, чоң түлкүлөрдү, түрдүү канаттууларды алышы, бул – Семетейдин келиши, сенин бардык душмандарыңды жок кылышы. Эки ала чаар жолборстун көчөлөрдү, короолорду аралашы, бул – Семетейдин чоролору Күлчоро менен Канчоро эмеспи. Төбөсү көккө жеткен бийик теректин өсүп чыгышы, бул – Акун хандын айдай кызы Айчүрөк, сени Семетейтин аялдыкка алышы эмеспи. Бакалар чардаган эки көл – Акун хандын шаарына Семетей хандык кылып, эл бай жана тынч жашайт экен. Мына ушундай Айчүрөк сенин көргөн түшүң! Түшүңдү жоруп бүттүм, эми убада кылган жүз бээлик наркы бар ичигиңди бергиниң, токтолбостон киемин».

– Мына бийкеч, алгының убада кылган ичигим, чынында эле түштү жакшы жорудуң.

Дал мына ушул маалда Семетейдин он эки жашар достору Күлчоро менен Канчоро келип калышты.

  • Акун хандын айдай кызы Айчүрөк, Семетей күткөн жоопту бер!
  • Семетейдин он эки жашар достору Күлчоро менен Канчоро! Семетейдин баатырдыгы тууралуу даңаза күн нурундай чар тарапка тарады. Бул күмүш менен саймаланган ак жоолугумду бергиле. Айчүрөк башынан жоолугун алганда, жыландай кара, ичке өрүм чачтары далысын жаба берди. Семетейдин он эки жашар достору Күлчоро менен Канчоро аткан октой учушту. Алар жүргөн жер замбиректен ок аткандай титиреди. Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү? Ким билет? Кудай билет. Өзү жараткан. Өзү гана билет.

Акун хандын Айчүрөк ак өргөөнү ак боз Бугурчанга, көк өргөөнү Көк-Бурчанга жүктөтүп, келин-кыздардын коштоосу менен кытай жолуна Семетейди тосуп жөнөдү. Ченөркөчтүн боюна ак өргөөнү тиктирди. Ак өргөөнүн ичине алтындан жасалган керебет койдуруп, асылдуу кымбат көшөгөсүн тарттырды. Көп күттүрбөй Семетей келип, Акун хандын кызы Айчүрөккө үйлөндү. Андан кийин Акун хандын шаарына хан болду, хан болуп жүрүп өмүрүн өткөрдү.

Биз ырчынын өзүнө байкатпастан Ак-Бала жөнүндө жомогун фонографиялык пластинкага жаздырып алганбыз. Кенжекаранын өзүнүн үнүн уккандагы коркконун жана таң калгандыгын көрсөңүз болмок. Ал өзүнүн үнүн жакындан угуп, өңү бозоруп, купкуу болуп жерге кулап түшүп, ооналактап, калтырап баштады.

– Шайтан! Шайтан!, – деп сүйлөнүп, жан соога сурагандай, ырайым тилеп, колун алдыга сунуп шыбырап жатты. Биздин котормочубуз Атайбек жана кызматчыбыз аны араңдан зорго тынчытышып жана аркы ашкана бөлмөгө алып кетишти. Ал жактан кызматчылардын күлкүсү көпкө чейин угулуп жатты. Байкуш ырчы ошентип, анын «үнүн жана ырын шайтан тартып алды» деген ишенимге ынанган боюнча кетти.

Мына урматтуу окурман, бер чети залкар таланттардын бири Кенжекаранын дастаны, Ак-Баласы үн жазгычка жазылып калып, тарыхый таберик катары сакталып калганы менен экинчи жагынан эволюциялык жол менен өнүгүп келе жаткан элдерге техниканын жайын түшүндүрбөй, даярдабай туруп, үндөрүн жаздырып алышып, кайра алардын өздөрүнө угузушу чоң трагедиялык жыйынтыктарды бергендигин бир эле очерктен даана көрдүк. Чындыгында эле, адамзат канчалык бийиктикке чыкпасын, он сегиз ааламды багындырбасын баары бир жогорку ишенимсиз, таянычысыз жашаган эмес, жашай дагы албайт… Бирок бул дагы тарых экен билгенге…

Автор:  Октябрь Капалбаев, тарых илимдеринин кандидаты

“Манасчы, семетейчи, кыл кыякчы жана ырчы Кенжекара” атуу макала

И. Арабаев атындагы КМУ

 

Related Posts

Добавить комментарий