Макала

Кыргыз көчүнүн түзөлүшү үчүн…

Белгилүү түрколог, этнограф, академик В.В.Радлов кыргыздардын сөз өнөрүнө, сүйлөө ыкмаларына, сөздөрдү кураштыруусуна таң калгандыгын жашырбай:  «Кыргыздар өздөрүнүн түрк уруулаштарынан укмуштуудай сүйлөө чеберчилиги менен айырмаланышат. Жөнөкөй эле сүйлөшүүлөрүндөгү сүйлөмдөрү уйкалышып, ыр сыяктуу таасир калтырат. Сөздү айтканга да, укканга да кумарланган эл. Сөз башталганда ага чейин кыжылдаган эл үн катпай кулак төшөйт. Чечендиктен чексиз рахат алып, сөз күчүн бу жарык дүйнөдөгү эң кудуреттүү көркөм өнөр деп баалайт. Кыргыздардын элдик поэзиясынын өтө өнүккөндүгүнүн табияты ушунда», – деп таасын белгилеп кеткениндей, чындыгында эле кыргыз эли жаш кезинен, тили чыгып сүйлөй баштагандан тартып эле жомок, уламыш, аңыз, дастан, табышмак, жаңылмач, санжыра өңдүү кызыл тилди көркөм сулуулукка айланткан бийиктикке кызыгып, аны менен машыгып, бийик чеберчиликти багынтышып, улуу мурастарды кийинки урпактарга табериктеп жүрүп олтурушса, ал эми ага жетпегендери айтылган, уккан нерселерин эле эмес, окуган нерселерин дагы толуктап, түзүктөп сүйлөп бере алышпай келе жаткандыгын моюндасак, анда «кой аксагы менен миң» болмокчу. «Атадан бала өтпөсө, акыр заман келет» деп ата-бабаларыбыз айтып кеткениндей эле улуу кыргыздын кийинки урпактары коомдун толкунуна, замандын шарапатына кайсыл бир деңгээлде туруштук берип, күрөшүп келе жатышса, кайсыл бир жеринде куюн-чайын боло, түшүнүп-түшүнүшпөй эле аралашып «боекчу боет десе, сакалын кошо боет» болуп же «жыртык тешикке күлөт, жыгылган оогонго күлөт» бири-бирибизди «оңдойбуз, түздөйбүз» деп жатып, түптүү элибизге, туткалуу эр-азаматтарыбызга дагы көлөкө түшүрүп алып жаткандыгыбыз жашыруун деле болбой калды өңдөнөт.

Айтылуу Карга акенин: «Көп курусун, көпкө бүткөн көз курусун.

Аз курусун, азга бүткөн сөз курусун.

Көп курусун, көпкө бүткөн мал курусун.

Аз курусун, азка бүткөн жан курусун», – деп жан жүрөктү титиреткен даанышман кебинде айтылгандай эле аздыгызбыздан, алсыздыгыбыздан, мажирөөлүгүбүздөн, майдалыгыбыздан өзүбүздөн эмес, өзгөлөрдөн акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү, калыстыкты күтүп жүргөнүбүз аз келгенсип ич ара жулмалашып жаткандыгыбыз ата-бабаларыбыздын арбагына шек келтирбейби, арбактарын нааразы кылбайбы? Маселе мына ушунда эмеспи.

Манас атабыздан бери карай: «Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө, Бөлүнсөң бөрү жеп кетет. Бөлүнүп калды кыргыз деп, Бөлөк элге кеп кетет», – деп айтылып келе жаткан даанышман накыл кеби көп учурда көкүрөгүбүздөн учуп, көр пенделикке, утурумдукка, убактылуу, алдамчы сокур сезимдерге алмашылып кетип жатат. Же болбосо кыргыз элинин салт-санаасын, үрп-адатын, ырым-жырымын канына сиңирген, дөөлөт эмес, сөөлөт күткөн, кадыр-барк эмес нарк күткөн, уруунун эмес улуттун санжырасын сүргөн санжырачылар тайыздыкка түшүп кетишип жаткандыгы кимди болсо кейитпей койбосо керек. Туура, санжыраны каалагандын бардыгы эле айта да, жаза бербейт (толгон-токой илимпоз-окумуштуулар бар, кана, баары айтканы же жазганы). Санжыраны жазыш үчүн эң биринчиден эске тутуу жөндөмдүүлүгүнүн күчтүүлүгү, акылынын тунуктугу, ой жүгүртүүсүнүн зиректиги керек. Экинчиден, мааниси жагынан биринчиден дагы чоң, зарыл болгон нерсе жүрөгүнүн тазалыгы, калыстыгы, адилеттүүлүгү, эр жүрөктүүлүгү керек. Албетте, жогорудагынын баары өзүнөн өзү келе калчу же калыптанчу касиеттер эмес. Алар Адам Атадан бери келе жаткан «кырк кайыптан» Улуу Жараткандан гана энчиленбесе көптүн бири болуп калаары шексиз. Ошол себептенби «боекчулар», «чала молдолор», «шыкакчылар» көп чыгышып, «санжыра-жомокторуна» көбүргөндөн көбүрөөк кошушуп, чыныгы санжыранын самтырагы, сөздүн сөөлөтү, кептин керемети, чындыктын асылдыгы, ынтымактын бийиктиги, улуулуктун ыйыктыгы булганып жатат. Бир сөз менен айтканда, санжыра изилдөөчү А.Мамбетмусаев белгилеп кеткендей: «Санжыра – бул эң биринчи, чоң жоопкерчилик» эле да.

Урматтуу окурман, чындыгында эле, кандай көлөмдө, кайсыл максатта, кайсыл ойдо жазылган санжыра, даректүү баяндар болбосун улуу сөздөр, даанышман кептер, кеменгер ойлор менен «эл-жерди сүйүү, ынтымакка чакыруу, ким экендигин таануу, тарыхы, өткөн-кеткени менен сыймыктануу» дагы ушуга окшогон жүрөктөрдү жылуу толкунга бөлөгөн жалындуу сөздөр менен башталып эле аягында бирин-бири жектеген, тилдеген, жамандаган окуялар менен коштолуп кеткендиги өкүндүрөт. Эрди эр, урууну уруу, элди эл жамандап эч кандай муратка жете албайт, жеткен дагы эмес. Бирөөлөрдүн буйругу менен жазылган эмгектер, ага чапталган «эрдиктер» күнүмдүк гана «жеңиштер». Эмгеги үчүн далыга чабып, мактап койсо, ошого корстон болуп, «мөөрөйгө жеттим» деп жүргөндөр чоң жаңылышат. «Биринчи жазып койдум, элге тарап кетти, эки-үч муундан кийин менин жазганымды туура деп кабыл алып калышат» деп жүргөн агайлар дагы жаңылышканын азыр сезишпесе дагы келечек акыры сездирет. «Өзү эч нерсе кылып жарытпаган, атасынын кылганын айтып мактанат» болуп эле илгерки өткөн оң-тетири, жаман-жакшы окуяларды улам жаңыртып, чукуп эскере бергенде каны суюк, аңды-дөңдү аңдай биле бербеген жаш муундун өкүлдөрү кызуу кандуулукка алдырып жибербешине эч ким кепилдик бере албайт. Тетирисинче, ата-бабаларыбыздын өткөн-кеткен кемчиликтерин кечирип, жаап-жашырып, мүмкүн болсо кыйгап өткөн дипломатиялык кадамдарды жасоону үйрөнүшүбүз жана аны кийинки муунга мурастап кетишибиз абзел. Тарыхтын сыры ушул жерде, ал канчалык убакыт, мезгил өткөн сайын күчүнө кирип, мурун белгисиз же жашыруун болуп келген окуялардын, маалыматтардын бардыгы ачыкка чыга берет. Ошондуктан тарых үчүн ондогон, жүздөгөн жылдар тоскоолдук катары эсептелинбейт.

Кыргыз элинде жазма өнөрү өнүккөнгө чейин ар бир эркек, ал тургай энелерибиз дагы санжыра айтып, бала-чака, небере-чөбөрөлөрүнө «ким экенин, ата-бабалары ким болгондугун» улам-улам саймедереп, кулактарына кумдай куюп, тегин таанытып коюшкан эмеспи. Кыргызда өткөн чоң аш-тойлордо санжырачыларды айтыштырып көрүп, уккандан кийин кимиси жакшы айткандыгын белгилешип, байгесин беришкен. Эгерде угуп олтургандар санжыраны билбесе кантип калыстык кылышмак дагы, кантип жыйынтык чыгарышмак. Ошондуктан «жете атасын билбеген жетесиз кул, тегин билбеген тексиз кул» дешип бирин бири сүрөөнгө алып келишкен.

Түпкү тегин, алгачкы башатын, ким экендигин иликтебеген, изилдебеген улут, эл болбойт. Болгону айрым элдер жазма-сызманын негизинде өз тарыхтарын, маданияттарын кагазга, жазма булактарга калтырганга жетишсе, көчмөн элдер, алардын ичинде кыргыз эли өзүнүн уруулук, элдик генеалогиялык тарыхын оозеки түрдө айтылган тарыхый маалыматтардын жыйындысы катары таанылган санжыра түрүндө айтырып келген. Санжыра атадан балага, муундан урпакка узак убакытка айтылып келгендиктен хронологиялык, географиялык алкакта окуялардын жүрүшү көп учурларда өзгөрүп кетип турган. Ошондуктан азыркы мезгилге чейин тарых илиминде санжыра түз тарыхый булак катары эсептелинген эмес. Бирок илимий көз караштардын, замандын, улуттук баалуулуктардын өзгөрүшү менен катар эле оозеки элдик чыгармалардагы окуялардын жазма булактардагы жакындыктары, айырмачылыктары салыштырып-окшоштуруп изилдөө аркылуу каралып, санжыралык булактар тарыхый булак катары каралууга алгачкы жол ачылды. Албетте, илим-билимдин өнүгүүсүн, адамзаттын өзүн-өзүн таанып билүүсүнө болгон кызыгуусун айрым бир «рамкалар» да токтото албастыгын саат сайын чыгып жаткан китептердин статистикалык көрсөткүчү деле далилдеп бере алса керек. Дагы белгилей кетүүчү нерсе жазма булактардын бардыгы чындыкка дал келип, дайым эле айкындуулукту чагылдыра берээрлигине эч ким кепилдик бере албайт. Себеби ал жерде да түрдүү максаттуу, субъективдүү көз караштар, пикирлер жана жыйынтыктар бар экендигин эстен чыгарбашыбыз керек. Демек, оозеки элдик чыгармачылыктар, фольклор, талаа материалдары сыяктуу эле санжыра дагы тарыхый булак болуп эсептелинет.

«Санжыра, уруулук аң-сезимдер улуттук идеологияны, улуттук биригүүнү бузат, бузуп келе жатат» деген саясий көз караштар дагы байма-бай айтылып келе жаткандыгы чындык. Ошол эле маалда саясий көз караштар, саясий бөлүнүүлөр, кландык түзүлүштөр бүтүн элди аймактык бөлүнүштөргө алып келе жаткандыгын, анын миңдеген курмандыктары бүгүнкү учурда деле аз болуп жатпагандыгын неге белгилегибиз келбейт? Чындыгында эле, аймактык бөлүнүүлөр элдин, улуттун биригүүсүнө көптөгөн тоскоолдуктарды жаратып келе жаткандыгы жашыруун эмес. Факт деген өтө өжөр нерсе. Мисалы, өлкөнүн аймагына эң көп тараган саяк, саруу, моңолдор урууларынын өкүлдөрү өздөрүнүн туугандык, уруулук байланыштары аркылуу эмес, жердешчилиги боюнча жакындыктарын дагы деле болсо тастыктап келе жатышат. Тагыраак айтканда, уруусу же теги эмес, «түштүктүк», «түндүктүк», «аркалык» же «оштук», «нарындык», «таластык» деп жердигин айтышат. Демек, бул жагын жагы эстен чыгарбашыбыз керек экен.

Элдин ынтымакташып, бирин бири урматтап жашоолоруна бир гана каалоодон сырткары, салт-санаа, үрп-адат, дүйнө таанымдары дагы өзгөрүшү зарыл. Бирок XX кылымдын 20-30-, 60-90-жылдарына салыштырмалуу азыркы учурда ички интеграциянын өсүшүнө байланыштуу аймактык айырмачылыктарды элдин өзү «жеңип» бара жаткандыгы сүйүндүрөт. Ошондуктан уруулук же канаттык бөлүнүүлөр, аң сезимдер улуттук аң сезимдин тез жана таасирдүү өсүшүнө, өнүгүшүнө эң таасирдүү көмөгүн берет.

Жогоруда академик В.В.Радлов белгилеп өткөндөй ар бир кыргыз өз оюн жөнөкөй эле сөз эмес баяндап өтпөй, төбөгө союл менен соккондой таасир эткен макал-лакаптарды, эки-үч ойду туюнткан жылдырмалуу тымызын азил-шакабаларды, кадырлашты дагы аябаган каймана-какшыктарды, сөөк эмес чучукка чейин өрдөп кеткен мазак-кордоолорду айта билбестен, ошол эле учурда улуу-кичүүсүнө, эркегине, аялзатына, жандуу-жансызына дагы жагымдуу, болумдуу алкоо, бата бергенди дагы мыкты өздөштүрүшкөн эмеспи. Мына ушул жол «баскан арбытат» дегендей түптүү эл каалаган марага жеткирет. Андай болбогон шартта артты эле карап туруу менен келечекке адым, кадам коюу мүмкүн эмес. Ошондой эле улам-улам артты кылчактай бергенде да жол арбыбайт. Кыргыз эли кылымдардан бери оозунан, көкүрөк-көөдөнүнөн түшүрбөй келе жаткан «көч бара-бара түзөлөт» деген макалы бар. Дегеле, суроо салып, ойлонуп көргөн жан барбы? Көч кай жагына карап түзөлөт? Алдын караппы же арт жагын караппы? Мүмкүн жолго карай түзөлөттүр? Жок, бир жагын айтканда адашабыз, көч – аягы башына, башы аягына карап, күчү-демине, ыңгайы-ылайыгына карап түзөлөт. Демек, биз дагы элдин, журттун абалына, маанайына карашыбыз керек экендигин унутпасак…

Автор: Октябрь Капалбаев, тарых илимдеринин кандидаты

И. Арабаев атындагы КМУ

Related Posts

Добавить комментарий