Макала Тарбия

Окуучулардын адеп маданиятын адабий окуу сабагы аркылуу калыптандыруу

Адам турмуштун ачуу-таттуу кырдаалдарын акыл элегинен өткөрө билген, аң-сезимге чагылган ар түрдүү информацияларды синтездей алган, инсандык, кулк-мүнөздөргө өз деңгээлинде баа бере билген окуучуларга адеп-ахлактык тарбия берүү учурдагы илимий изилдөөлөрдүн негизги маселелеринин бири болуп саналат.

Адабий окуу сабагы башка өнөр түрлөрүнөн мурун пайда болгон, жашоону сөз аркылуу көркөм түшүндүрөт, ошол аркылуу окурманды коом, кызык жашоо жана адамдар менен тааныштырат, тарбиялайт, алардын дүйнө таануусун өстүрөт, кызыгуу – суктануу сезимин өнүктүрөт. Көркөм чыгарманы өздөштүрүү менен окурмандардын эмоционалдык-эстетикалык сезими өөрчүйт.

Бүгүнкү күндө талаш туудурган «Ыйман» жана «Адеп» түшүнүгүн чечмелеп, окуучуларды булардын тегерегиндеги ой жүгүртүүлөрүн калыптандыруу керек. Албетте, бул эки түшүнүктүн мааниси эки башка. Булар жөнүндө КР Эл мугалими, педагог М. Байымбетов төмөндөгүдөй белгилеген: “Адеп – бул адамдын жүрүш-турушу, кулк-мүнөзү б.а. сырткы жасалмалуулук десе да болот. Адептүү болуш көпчүлүк адамдын эле колунан келери талашсыз.

Ал эми ыйман – адамдын жүрөгүндө болот, ички жан дүйнөсүнүн тазалыгы, сезимдин аруулугу. Мына ушундай түшүнүктөн ар бирибиз жеке тыянак чыгарсак болот.

Мына ушундай адам жашоосунун бүтүндөй жүрүш-туруш эрежелерин камтыган, адамды адам кылууга үндөгөн сабактарды окутуу азыркы учурдун талабы экендиги талашсыз.

Сүйлөө речинин тазалыгы, кунарлуулугу, жугумдуулугу ж.б. Адеп-ахлак тарбиясы жөнүндө Б. Апышов төмөндөгүдөй ойлорду айтат: «Адеп – адамдардын коомдогу жана жеке турмушундагы бири-бири менен, коом менен мамилелеринин жана жүрүш-туруш нормаларынын тарыхый жыйындысы. Адептүүлүк адамдардын жеке мамилелерине, коомго жасаган мамилелерине, бири-бири менен жана коом менен карым-катнашына, жакшылык-жамандык, абийирдүүлүк-уятсыздык, айкөлдүк – мыкаачылык деген түшүнүктөрүнүн негизинде баа берет. Коом адеп-ахлак нормаларын иштеп чыгат жана коргойт. Ага илим, дин, саясат, философия, юриспруденция, көркөм-өнөр өндүү коомдук аң-сезимдер да өз таасирин тийгизет. Адептүүлүк нормаларды адамдардын кыйшаюусуз сактоосун кеземелге алуучу эң күчтүү каражат коомдук пикир, элдин назары. Үй-бүлөдө жана мектепте балдарды адептүү тарбиялоонун милдети андагы идеялык өзөктүк – жарандык (граждандык) көз карашты, ишенимди, сезимди, жүрүм-турумду, сөз менен иштеги биримдикти калыптандыруу. Инсанды мындай идея менен шыктандыруу – педагогикалык маданияттын башаты да, ошол эле учурда тарбиячылык чеберчиликтин туу чокусу да болуп эсептелет.

Жогоруда айтылгандай бүгүнкү коомго адеп-ахлак нормаларын иштеп чыгуу зарыл маселелердин бири. Анткени ар ким заман агамы менен жашап, турмушка кайдыгер карап, адамдык улуу касиеттерди унутта калтырып жаткандай. Улуу педагог Сухомлинский мындай бир окуяны китебинде жазат: «Чакан, бейпил шаарчада болгон бир трагедиялуу окуяны айтып берейин. 14 жашар өспүрүм коньки тээп атат. Сегиз жашар баланы көрөөрү менен өзүнө чакырып: «Тигил жерге барып теп – музу жакшы, тегиз» – деп музу оюлуп калган жакты жаңсап көрсөттү…

Бала барып музу оюлган жерге түшүп кетип өлдү. Өспүрүм дагы бир саатча муз тээп, анан шаарга барып, баланы кантип алдаганын жолдошторуна айтып берди. Күйүткө мөгдөгөн ата-энеси өспүрүмдөн: «Баланы кайда жиберип жатканыңды билип туруп жүрөгүң кантип тутту?», – деген суроосуна өспүрүм кебелбей туруп: «Мен аны ал жерге түртүп ийгеним жок. Ал жакка ал өзү барды. Мен анда барып теппейсиңби деп кенеш салгам, ал жердин музу тегиз эле», – деп жооп берди. «Чуркап келип бизге айтсаң, баланы сактап калбайт белек» – деген ата-эненин сөзүнө өспүрүм: «Мен эмнеге жүгүрмек элем. Ар ким өзү үчүн жооп берет да!» – деди».

Мына ушул маселени иликтеген В.А. Сухомлинский өспүрүм менен да, ата-энеси менен да, мугалимдери менен да сүйлөшүп кыжаалат болот. Анткени ата-энеси менен жалгыз уулунун бир да адамдык руханий талабы жок экендигине күбө болот. Балада болгону канааттануу жана канааттанбоо деген эки сезим болгон. Ал эми үй-бүлөнүн эки эле мүдөөсү бар: жакшы тоюш керек жана жатып укташ керек деген. Адам менен маектешүү, рахаттануу талабы эмне экендиги жөнүндө, бирөөну кубантып же бактылуу кылууга умтулуу талабы эмне экендиги жөнүндө түшүнүк баланын уч уктаса да түшүнө кирген эмес.

Жогорудагы чыгарылган тыянак азыркы учурдагы тарбия жараянына үндөш. Эгерде ошол балдар адабий чыгарма окуса, адабияттын баалуу үлгүлөрүн, даанышман ойлорун сезимдерине сиңдирсе, сынчыл ой жүгүртүү, өз позициясын калыптандыруу талаптары аткарылганда, албетте мындай окуялар балким болмок эмес. Ошондуктан нравалык жактан толук кандуу жетилген, интеллектуалдык деңгээли жогору балдарды тарбиялаш үчүн адабий курал керек дееген ойдобуз. Ал адабий курал адеп фундаментинин түптөлүшү. Адабий окуу сабагы билим берүү системасын коштоп барыш керек.

Автор: Жолдошова Б.А.

И. Арабаев атындагы КМУ,

педагогика кафедрасынын окутуучусу

(И. Арабаев атындагы КМУнун жарчысы журналына 2011 – жылы басылып чыккан “Адабий окуу сабагында окуучулардын адеп маданиятын калыптандыруу” макаласынан үзүндү)

Толугу менен төмөнкү шилтемеден окуй аласыздар: http://195.38.167.137:7000/docs/file/pdf/2164-_.._…_.170-172.pdf

Related Posts

Добавить комментарий