Илим изилдөө

Реферат, курстук иш, дипломдук иш жазуунун кандай пайдасы бар?

Жогорку окуу жайларында жалпы максат катары студенттердин практикалык даярдыгын илимий деңгээлге жеткирүү талабы коюлат. Л. Кленберг өзүнүн изилдөөлөрүндө төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарган: «Жогорку окуу жайларында окуу – бул изилдөөгө жакын болгон илим менен бирге иштөө ишмердиги». Студенттердин өз алдынча илимий ишмердигине болгон талаптар алардын өз алдынча илимий эмгектенүүсүнө, иштөөсүнө, окуу, өздүк чыгармачылык, активдүүлүккө, изилдөөлөрдүн өнүгүшүнө алып келет.

«Активдүүлүк инсандын сапаты катары каралуу менен студенттин айлана-чөйрөгө, коомго жана өзүнө болгон мамилесин мүнөздөйт». Студенттин активдүүлүгү жалпы окуу процессиндеги иш учурунда пайда болот жана андан демилге чыгат. Студенттин активдүулүгү анын өз алдынчалыгы менен тыгыз байланышта.

Өз алдынчалык, өз алдынча окуу жана өздүк чыгармачылык түшүнүктөрүнүн аныктамалары педагогикалык сөздүктөрдө төмөндөгүдөй берилген:

– өз алдынчалык – ар кандай шарттарда башка бирөөлөрдүн жардамы жок өз алдынча чечим чыгаруу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүчү инсандын касиети.

– өз алдынча окуу, билимдерди илимий адабияттар менен өздөштүрүү формасы катары түшүндүрүлөт жана жогорку жана орто билим берүү жайларында, билимди жогорулатуунун негизги мүнөздөөчү белгиси жана курамдык бөлүгү болот.

– өздүк  чыгармачылык, өз алдынча окуунун  сапаты  болуу менен  инсандын  өнүгүүсүн алга жылдырат.

– өз алдынча окуу окутуучунун жетекчилигинин астында пландуу түрдө сабактардан тышкаркы учурда өтүлөт. Ал окуу ишмердүүлүгүн уюштуруунун айрым формалары менен байланышта болуу менен өзүнүн уюштуруу формасы боло алат. Студенттердин илимий иштерге иштөө ишмердүүлүгүнүн калыптанганына карата жетекчилик азайтылат.

Ал эми окуу процессинде болсо билимдерди жана илимий методдорду студенттердин өз алдынча өздөштүрүүсү.

Өз алдынча окуу процессинде студенттердин инсан катары активдүүлүк, өз алдынчалык, демилгелүүлүк, өздүк милдеттүүлүк сапаттары пайда болот жана өнүгөт. Андыктан өз алдынча окуу процессин чыгармачыл инсанды калыптандыруу процесси менен тыгыз байланыштырып кароо керек. Студенттердин өз алдынча илимий ишмердүүлүгү алардын жекече же студенттик жамаат менен багытталган жыйынтыкка жетүүгө карата илимий проблеманын үстүнөн иштөөсү.  Мындан салыштырмалуу жогорку даражадагы өз алдынчалык, чыгармачыл активдүүлүк жана аң-сезимдүү милдеттүүлүк өнүгөт.

Өз алдынча илимий ишмердик процессинде студенттердин инсан катары төмөндөгү сапаттары өнүгөт:

а) проблеманы анализдөө жөндөмдүүлүгү;

б) сынчыл ой-жүгүртүүсү;

в) илимий теориялык  жетилүүсү;

г) өзүнө жогорку талаптарды коюу керек экендиги жөнундө аң-сезимдүу түшүнүүсү;

д) кыйынчылыктарды жеңил билгичтиги;

е) өзүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын талкууга коюу жана андан жыйынтыктарды чыгаруу, өзүнүн ойлорун оозеки же жазуу түрүндө айта билүү;

ж) негизги менен негизги эмести айырмалай билүү, чечиле элек илимий проблемаларды билүү, себеп жана шарттарды анализдей алуу жөндөмдүүлүгү;

з) демилгелүүлүк жана өзүнүн кесиби менен байланышта болуу.

Студенттердин илимий теориялык жетилүүсү, методологиялык билимдерге ээ болуусун көздөйт.  Бул илим принцибинин негизинде иш жүзүнө ашырылат. «…окуу материалындагы ар кандай корутундулардын дайыма негизделиши жана далилдениши талап кылынат».

Автор: Төрөгелдиева К. М.

И. Арабаев атындагы КМУнун журналына 2011-жылы жарыяланган “Жогорку окуу жайларында студенттердин өз алдынча илимий изилдөө ишмердүүлүгүн жогорулатуу” макаласынан үзүндү. 

Макаланы толугу менен төмөнкү шилтемеден окуй аласыз: http://195.38.167.137:7000/docs/file/pdf/2376-_.._….452-454.pdf

Related Posts

Добавить комментарий