Макала

Терминдерди териштирүүдөн чыккан сөз

Терминдер проблемасы кыргыз тилинде илимий багыттагы текстер жазыла баштаганда чыккан. Жаңыдан жаралып жаткан жазмабыз терминологиялык лексикабыздын жардылыгынан жана тыштан кирген терминдердин субординациясы сакталбаганынан, кыргызча текстердеги түшүнүктөрдүн лексикалык тематикалык байланыштары кабыл алууну кыйындаткан. Ошондон улам 1925-жылы Оренбург шаарында өткөн кыргыз-казак агартуучуларынын конгрессинде каралган 7 маселенин бири илимий терминдерге арналганы бекеринен эмес.

Кийин ал мезгилдүү басылмаларда олуттуу талкуулардын предметине айланган. Ошолордун ичинен айтылуу окумуштуу К. Тыныстановдун терминдерге маанилик зыян келбесе которуп, болбосо ошо калыбында алып, уңгусуна кыргыча мүчө колдонуу керек деген рационалдуу сунушу аларды колдонууну системага салганын окумуштуулардын көбү билбесе керек. Кантип билсин! КР Илимдер академиясынын алдында терминологиялык комитет ошондой зарылчылыктан улам түзүлүп, анын кызматкерлери терминологиялык сөздүктөрдү чыгарууда так ошол К. Тыныстанов сунуштаган пикирди негиз кылып алышканы отурган-турган жерде айтылып жүрчү.

Кыргыз илимий терминологиясынын корун түзгөн ошол эмгектер колдонуудан калып калганбы, айтор, азыр кыбыр эткендин баары кыргызча болсун дегендер чыгып, термин аттууну көргөн жерден баса калып которгондор көбөйдү. Ким билет, стихиялуу мүнөз алып бараткан мындай кубулуштун да өзүнчө логикасы бардыр. Колдонула турган терминдин эквиваленттүү котормосу колго тийбей, өз билгениндей которуу ошондон активдешип жатса керек. Эмнеси болсо да мындай чаржайыт аракет кыргыз тилин тазалап, терминологиялык лексикасын байытып жиберери өтө эле күмөндүү. Канткен күндө да  термин дегендин илимий түшүнүктөрдү, илимий билимди жана маданиятты түптөөгө тиешеси бар категориялардан экенин эстен чыгарбоо абзел.

Деги ушу термин дегениңди которуу аракетинин азгырмалуу да, опурталдуу да жактары көп. Бир карасаң оңой эле иштей көрүнөт. Баш катырбай кыргыз тилинен маанилеш сөздү койсоң эле баары жайында болчудай. Бирок териштире келсең, терминдин илимий нормасы, терминологиялык системасы, теориялык статустук мүнөздөмөсү, илимий түшүндүрмөсү дегендери чыгат. Терминдерди эне тилиндеги терминологиялык лексикага киргизерде ушулардын баары эске алынып, жөнгө салынгандан кийин гана ал терминделишинин эквиваленти катары таанылып, унификацияланат экен.

Бул эми айныгыс аксиома. Буга алымча-кошумча киргизчүдөй болбой, бир терминди алалы да, ошонун жаралып калуу тарыхын жана анын кыргызча вариантынын канчалык адекваттуу экенин карап көрөлү.

Экономикада социалдык функциясы боюнча маалымат берүү милдетин аткарган конкуренция деген термин бар. Тексттин тутумунда ал экономиканын илимий стилин тейлейт, анын теориялык түшүнүктөрүн алып жүрөт, ошонун чегинде спецификалык маалымат берет. Бул кандай маалымат, карап көрөлү.

Конкуренцияны капитализм, тагыраак айтканда, өндүрүш каражаттарына болгон жеке менчик жараткан. Алгачкы капитализмге эркин конкуренция мүнөздүү, ал анын иштеп кетишин камсыз кылат. Камсыз кылган шарттар: соода тоскоолдуктарын жок кылуу, жол катнаштарын өнүктүрүү, өздүк товарларды протекциялоо жолу менен чет өлкөлүк конкуренттерден бажы төлөмдөрүн жогорулатуунун эсебинен коргоо, банктардын эркин иштешине, капиталдын топтолушуна жол берүү. Ушулардын баары конкуренция деген терминден агылып чыккан, анын мазмундук өзөгүн жана мыйзамдык базасын түзгөн түшүнүктөр. Конкуренция термининен мындан башка да түшүнүктөр жараларын айтпай эле коелу. Бирок Американын биринчи президенти Дж. Вашингтондун өкмөтүнүн финансы министри, америкалык капитализмдин архитектору жана буржуазиянын биринчи идеологу А. Гамильтондун идеяларын алып жүргөн. Бул терминдин адамзат тарыхынын масштабдуу этабына, цивилизациялык өнүгүүнүн жаңы дооруна тиешеси бар экенин белгилеп кетүү керек.

Мына ушул термин кыргызчага атаандаш деп которулуп, илимий адабияттарда колдонууга өткөн. Атаандаш деген сөздө конкуренция термининдегидей атайын илимий маанинин белгилери жок. Ал соперник деген орусча сөздүн эле эквиваленти. Анан ушул жайдакталып, түпкүлүктүү маанисинен алыстатылып которулган сөз кайдан жүрүп кыргыз тилиндеги илимий термин статусун алат?

Дагы бир мисалга кайрылалы. Бүгүнкү күндө күргүштөп күч алган капитализмдин өнүгүү өзгөчөлүгүн чагылдырган глобализация аттуу дагы бир түшүнүк коомдун саясый, экономикалык жана илимий чөйрөсүндө кеңири колдонула баштаганы маалым. Бул кыргыз тилине ааламдашуу деп которулуп, илимий термин катары аталып кетиши жана илимий стилдик аталыш иретинде жамырап-жайнаган, бирок анын терминология ассортиментин байытып жиберери көп ишендире бербейт. Эмне үчүн? Муну да чечмелөөгө аракет кылып көрөлү.

Глобализация глобус шар деген латын сөзүнөн жана глобал деген француз сөзүнөн куралат. Кыргызча урдуруп айтсак, ал бүтүндөй жер шары деген эле маанини билдирет. Элдик оозеки чыгармачылыкта мифологиялык түр-түспөл алып кетмейи бар аалам түшүнүгү гректердин галактика деген сөзүнүн шериктеши. Галактика – бул Күн өзүнүн бардык планеталары менен кошо кирген жылдыздар системасы. Семантикалык жактан алганда аалам ушундай эле маани камтыган орусча вселенная деген сөздүн эквиваленти. Демек, жарашса жарашпаса да оозеки жана жазма речте колдонуу модага айланган глобализация түшүнүгү түпкүлүктүү маанисине ылайык аалам-сааламы жок эле жер үстүндөгү процесстерди, атап айтканда, дүйнө коомчулугу чөйрөсүндө өз ара байланыштан, өз ара көз карандылыктан улам тереңдеп, элдердин жана өлкөлөрдүн ортосунда калыпка түшүп, иштеп жаткан жаңы мамилелердин системасы дегенди билдирет.

Бул көп кырдуу түшүнүк, бул дүйнөдөгү кардиналдуу өзгөрүүлөрдүн натыйжасында жаралган. Кеңири планда алганда, глобализация улуттук жана регионалдык проблемалардын жалпы дүйнөлүк проблемаларга өсүп чыкканын, ошонун шарапаты менен чарбалык, социалдык жана жаратылыштык-биологиялык жаңы глобалдуу чөйрөнүн калыптанып жатканын көрсөтөт. Конкреттүү түшүнүктүн чегинде алганда глобализация улуттук экономиканы жана чарбалык структураларды бир бүтүндүктөгү бирдиктүү геоэкономикалык реалдуулукка трансформациялайт.

Глобализациянын позитивдүү да, негативдүү да натыйжалары болот. Биринчисине техникалык жаңылыктарды, башкаруунун заманбап методдорун киргизүүнү жана жайылтууну ылдамдатуу аркылуу жашоонун жогорку деңгээлин камсыз кылуу кирет. Экинчисине глобалдашуудан чыккан теңсиздик кирет. Мында алына турган пайда жана анын мүмкүнчүлүгү сан жагынан аз өлкөлөргө топтолуп, ошонун айынан көптөгөн элдер жана мамлекеттер жардыланып, алардын маргиналдашуусу өсөт, дүйнөлүк коомчулуктун көп түрдүүлүгүн жалпы түргө алып келе турган стандартташтыруу, мамлекеттердин эгемендигине жана маданияттардын бүтүндүгүнө залалын тийгизүү коркунучтары көбөйөт.

Чөп башылап айтсак, глобализация деген терминдин түшүндүрмөсү жана чечмелениши ушундай. Анан муну ааламдашуу деп галактикага алып чыгып кеткен кантип болсун?

Макаланы окугандардын арасынан: биз эч нерсе билбей тургансып, бул эмне эле кыйынсынат дегендер да чыгышы мүмкүн. Андай намысы козголуп кеткендерден алдын ала кечирим сурайм. Өзүм сөздү сөөктөп, мүчөлөрүн жиликтеп жиберген тилчи эмесмин. Муну мен, биринчи кезекте, өзүм үчүн, түшүнүп алыш үчүн жазып жатам. Балким муну терминдерди оңду-солду которуп жүргөндөр окуп калар, окушса ойлонуп, терминге бир аз этият мамиле кылар деген да үмүтүм бар. Жогоруда мисалга тартылган терминдердин варианттарында түпнускасындагы мааниси бузулуп, бурмаланып калганын өзүңөр да байкадыңар го. Мындайлар илимий адабияттарда бирин-экин бир жан, мындайлар жыл өткөн сайын көбөйүп баратпайбы. Анан ушундай мазмундагы кыргызча китептерди окуган кыргыз балдарында кайдагы илимий билим болот?

 

Белгилүү го, илим мүнөзү боюнча интернационалдуу. Кандай гана илим болбосун, анын кулпусу ачылары менен элдин энчисинде өтүп, жалпы адамзаттык баалуулукка айланат. Ошолордун материалдашуусу тиешелүү терминдер аркылуу ишке ашат да, анан ал коом үчүн эң зарыл маалыматтык ресурс болуп калат. Ушуну эки жарым кылым илгери Д. Дидро башында турган Франциянын акылы тунук азаматтары жазбай түшүнүп, аңыз кылып айтылган энциклопедияны чыгарышкан. Ал эмгек ошол кезге чейинки чачыранды колдонулган илимий маалыматтарды системага салып, жалаң эле Европа эмес, бүтүндөй адамзаттын өсүп-өнүгүшүнө кызмат кылганын эч ким тана албайт. Муну менен биз дагы энциклопедия чыгарышыбыз керек деген ойдон алысмын. Андай энциклопедияларыбыз, түшүндүрмө сөздүктөрүбүз жок эмес, бар. Бирок ушу коомду маалыматташтыруу доору жүрүп, илимий ачылыштар да, анын сайдын ташындай жамыраган терминдери да көбөйүп бараткан заманда кыргыз тилинен башка тилди билбеген балдарыбызга өтө зарыл илимий билимди кантип жеткиребиз?

2017-жылдын октябрында Москвада Россиянын, АКШ, Великобритания, КНР жана Испаниянын ЖОЖдорунан 22 команда дем алышсыз эки күнчө созулган компьютердик марафон хакатон өткөргөн. Жасалма интеллект, искусственный интеллект же робот-техника боюнча уюштурулган бул мелдеште 1-2-3-орундарды россиялык студенттер ээлешти. Жеңишке жеткендердин бири, экинчи куретун студенти, бул адистик боюнча китептер жок экенин, тармак ушунчалык тездик менен өзгөрүп тургандыктан, жаңы ачылыш деп жазыла баштаган китеп бат эле унутулуп, оңдогон жаңы ачылыштар жаралып, аны аягына чейин жазуу мүмкүн эмес дейт. Ошондуктан алар жаңы маалыматтарды көбүнчө окумуштуулардын макалаларынан жана онлайн лекциялардан алып жатышыптыр.

Эгерде илим тармагы космостук ылдамдыкта өнүгүп, бүгүнкү ачылыш эртең эскирип жатса, анда илимий терминдерди которуу иши да ошого адекваттуу болушу зарыл. Бирок ушундай кырдаалда терминдерди которууга башын байлаган бүгүнкү күндөгү адистер эки айрылыш жолдо турган мифологиялык персонажга окшоп кетет.

Автор: Абдил Шерматов

И. Арабаев атындагы КМУ

Related Posts

Добавить комментарий