Илим изилдөө Илимпоздор

Титандан да бекем жана сууга чөкпөгөн “жыгач металл” жасалууда

Атомдор биригип, бир кесек металл болот. Металлдын бекемдиги атомдордун түзүлүшү менен аныкталат. А бүгүнкү өндүрүш бекем металлды жасай албайт. Анткени түзүлүшү идеалдуу титан азыркы өндүрүштүк титандан он эсе бекем келет.

Окумуштуулар берегидей кемчиликти нанодеңгээлде жок кылуу үчүн металлдын атомдорунун жайгашуусун архитектуралык жол менен контролдошту. Тактап айтканда, ар бир атомду мүмкүн болушунча идеалдуу жайгаштырып, металлдын салмагы менен бекемдигин шайкеш келтирди. Бул ийгилик – АКШнын Пенсильвания университети, Урбан-Шампейндеги Иллинойс университети жана Британиянын Кембриж университетинин окумуштууларынын кызматташуусунун үзүрү.

“Муну металл жыгач деп атаганыбыздын себеби, анын тыгыздыгы клетка деңгээлинде жыгачтын тыгыздыгына тете болот” – дейт доцент Жеймс Пикуль (James Pikul).

Жасалма металл жыгачтай көңдөйлүү болуп, өзү өсүп жыйналгандыктан, тешиктердин арасына кагып койгон мамыга окшош.

Ар бир металл мамынын жоондугу 10 нанометр же болжол менен никелдин 100 атомуна барабар. Же илимпоз айткандай, жыгач металлдан жасалган үлгүлөрдүн чоңдугу кадимки бүргөдөй эле. ​

“Биз бирок мындан 400 эсе чоң металл жыгачты жасай алабыз, – дейт Ж. Пикуль. – Биз металл жыгачтан чоңдугу бир чарчы см барабар фольга жасадык. Мындай өлчөмдөгү бир тилке фольгада 1 миллиард чамалуу никель мамы бар”.

Жыгач металлдын 70% тулку боштук же көңдөй болгондуктан анын тыгыздыгы суудан аз. Ошого ал сууда чөкпөйт жана бүгүнкү металл эритмелердин көбүнөн бекем да, бышык да.

Окумуштуулар азырынча металл жыгачты күч менен басканда кадимки металлдай ийилеби же айнектей быркырап кетеби, билишпейт. Бирок, доц. Пикулдун айтышынча, металл жыгачка аноддук жана катоддук материалдарды кошсо, ал өтө бышык батареяга айланат. Металл жыгачтагы боштукту тирүү организмдер же энергия топточу материалдар менен толтуруп, акылдуу протездерди жасоо мүмкүн.

Булак: Азаттык радиосу

Related Posts

Добавить комментарий