АрабаевNEWS Дүйнөлүк тажрыйба

Уйкуну келтирген лекциянын ордуна “flip teaching” ыкмасын киргизүү сунушталды

“Университеттерде студенттердин уйкусун келтирген тажатма лекциялардын ордуна МАОК системасын киргизүү таасирдүү болмок”, – дейт испаниялык профессор Сержио Лужан Мора.

Сержио Лужан Мора Испаниядагы Аликанте университетинин окутуучусу, компьютердик программалоо боюнча онлайн лекцияларды өткөрүп келет. Албетте испан жана англис тилинде. Жаш көрүнгөн менен профессор деген илимий наамы бар. Ар кыл долбоорлор менен Кыргызстанга дээрлик 30 жолу келген. Профессор канча жолу келип-кеткенин санап жүрөт сыяктуу. Келген сайын өзүмдүн үйүмө келгендей болом дейт. Орусча үйрөнгүсү келген менен аны өздөштүрүу оор болуп баш тарткан. Кыргызчаны айтпай деле койсо болот, “нан” жана “тойдум” деген сөздөрдү билет.

Чет элдик профессор “Кыргызстандагы ЖОЖдордун ортосундагы инновациялык идеялар” аттуу долбоордун алкагында И. Арабаев атындагы КМУга адаптациялык тажрыйба өткөрүү үчүн чакырылган. Университеттин окутуучуларына билим берүүнүн “MOOK – Massive open online courses” ыкмасы туурасында айтып берди.

Массалык ачык онлайн-курстары (МАОК) – дүйнөлүк билим берүүдө популярдуу жана келечектүү тенденциялардын бири. Электрондук билим берүү технологияларын жана интернетти колдонуу менен массалык интерактив катышуучуларга билим бере турган курстар. Аралыктан окутуунун бир түрү десе болот.  Адат болуп калган видео, окуу, үй тапшырма сыяктуу окуу материалдарынан сырткары катышуучулардын интерактив форумун түзүп, талкууга алуу, студент менен окутуучунун баарлашуусу сымал мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бир гана шарт бар,  ката кетирүүгө болбойт.  Окутуучу окута турган предметтин же теманын тасмасын онлайн-аянтка салып коет. Студенттер видео-лекция менен алдын-ала таанышып анан сабакка келишет. Бул ыкма флип-окутуу (flip teaching) “орун алмаштырып окутуу” деп аталат.

“Бул системаны Кыргызстанга да киргизсе болот. Студенттер боло турган сабакты онлайн курстан алдын-ала угуп келишет. Дарсканада аны кененирээк талкууга алып, көнүгүү, тапшырмаларды аткарып, сабакты таасирдүү өтсө болот. Болбосо, жыл сайын эле ошол нерсени кайталай берип мен деле тажайм. Эки саат бою дарсканада студенттердин уйкусу келет. Лекцияны угушпайт, телефон кармап ар нерсе менен алек болуп отуруп чыгып кетишет. МАОК системасы студенттерди активдүу болууга кызыктырат. Болгону акырындап башташ керек. Анткени баары эле билип, баары эле кабыл ала бербейт”, – дейт  Сержио Лужан Мора.

Ал эми дүйнөлүк онлайн-аянттарда курстарды дүйнөнүн атактуу Гарвард,   Стэнфорд, Массачутс, Мельбурн, Торонто университеттеринин кол жеткис профессорлору окутат. Андыктан кайсы профессордун кайсы курсун кааласаңыз ошону тандап, каалаган убакытта, каалаган ыңгайда окуй бересиз. МАОК жаңы илим, жаңы билим алууга эле эмес, сынакка тезирээк даярданууга, кесиптик кайра даярдыктан өтүүгө, кесипкөйлүктү жогорулатууга мумкүнчүлук берет. Лекциялар боюнча сынак тапшырып сертификат да алса болот. Сертификат университетке тапшыраарда же жумушка орношоордо кошумча упай катары эсептелинген учурлар бар.

МАОКту  баштаган кошмо штаттардагы атактуу Стэнфорд университети болгон. 2012-жылы болгону 3 курсту жарыялап 100 000 адамдан турган аудиторияны топтогон. Бир нече айдан кийин профессор Трандын “жасалма интеллект” боюнча курсуна 190 өлкөдөн 160 000 адам жазылган. Бул демилге АКШнын башка көптөгөн университеттери тарабынан колдоого алынган. Бүгүнкү күндө Coursera, Udacity, EdX  аттуу онлайн-аянттардын аудиториясы 6 млн. адамдан ашкан.

Курстардын бекери да, акча төлөнүүчүсү да бар.

Автор: Кундуз Азарбекова

И. Арабаев атындагы КМУ

Related Posts

Добавить комментарий