АрабаевNEWS Тарбия

“Улуудан өрнөк”: Роза Отунбаева келечектеги тарыхчылар менен жолугушту

Кыргызстандын аймактарын санариптештирүүнүн мааниси. Дүйнө өлкөлөрү бара жаткан жол. 2030-жылга чейинки стратегиялык багыт жана дүйнө коомчулугу жетиши керек деген 17 максат. Кыргыздын идентификациясы. Келечектин рационалдуу атуулу. Кыргызстанды өнүктүрүү жолунда биринчи кезекте биздин жаштар көңүл бура турган маселелер жөнүндө белгилүү коомдук ишмер, КРнын экс-президенти Роза Отунбаева И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери менен болгон жолугушууда айтып берди.

Жолугушуу И. Арабаев атындагы КМУнун тарых факультетинин студенттеринен куралган “Билге” тобунун демилгеси менен уюштурулган. Баарлашуу “Билге” тобунун “Улуудан өрнөк” долбоорунун алкагында өттү. Роза Исаковна “Улуудан өрнөк” долбоорунун 2019-жылдагы алгачкы мейманы болду.

“Биздин долбоордун ачылганына 3-4 жыл болуп калды. Ушул кезге чейин бир катар инсандар менен жолугушуулар өткөн. Мисалы Тынчтыкбек Чоротегин, Кыяс Молдокасымов сыяктуу ишмерлер менен баарлаштык. Биз мейман чакыруу алдында студенттер менен кеңешип, ким менен жолугушкуңар келет деп сурамжылоо жүргүзөбүз. Роза Исаковна сиздин келишиңиз көпчүлүк студенттердин көптөн берки каалоосу болчу. Келгениңизге ыраазычылык билдиребиз”, – дейт тарых факультетинин мугалими.

Роза Отунбаева болочок тарыхчылар менен өтмүш туурасында эмес, келечекте тарыхтын чоң бурулушу катары кала турган  санариптештирүү маселеси туурасында сүйлөшкүсу келген.  Президент Сооронбай Жээнбековдун быйылкы жылды Кыргызстандын аймактарын  санариптештирүү жылы деп жарыялаганын туура деп эсептейт. Бирок экс-президентти кабатырланткан бир жагдай бар.

“Санариптештирүү деген менен эч ким эч нерсе дебейт. Гезиттерди барактап көрсөңөр биринчи беттен аягына чейин санариптештирүү деген сөз жок. Таппайсыз! Жалаң эле саясатты мүлжүп отурушат. Саясат… саясат… Болбосо санариптештирүү иши дүйнө жүзү боюнча жүрүп жатат да”, – дейт Отунбаева.

Маалымат ирээтинде айта кетсек, кеңсеге компьютер коюп,интернетке улап койсо эле санарип болуп калбайт. Санариптик ресурстарды эмгекти, атаандыштыкты жана экономиканы жакшыртууга колдонсо гана цифровизация болот.  Мисалы кызматкер жумушка кирип-чыгуу маалында электрондук табелге кол койсо бул автоматизация. Эгер бул ишти кызматкердин колун койдурбастан тийиштүү маалыматтар жүктөлгөн система өзү жасаса бул санариптешүү дегенди билдирет. Ал эми экономикалык маанисине келсек, эң жөнөкөй мисал,  акча төлөө, жиберүү, дегеле акчанын айланышынын ачыктыгын камсыздайт.

Роза Исаковнанын айтымында биздин жаштар, дүйнөлүк коомчулук, дүйнө жүзү бара жаткан жол менен басыш керек. Бул арада жолуккан маселелер болсо  дүйнөнүн 200гө чукул өлкөсүн бириктирип турган БУУнун трибунасында айтылып, чечилүү жолдору каралат.

“БУУнун кеңешмесиндеги кадимки мрамордук трибунада дүйнө элдеринин өкүлдөрү келип, дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуяларга өздөрүнүн көз караштарын айтып чыгышат. Мисалы Кыргызстан Палестина, Орусия-Украина маселелери боюнча көз карашын билдирсе болот. Кыргызстан өткөн кылымда дүйнөлүк аренада абдан маанилүү “Тоо жылы” маселесин көтөргөн. Биз чыга турган деңиздерден алыс, жабык өлкөбүз. Тоолуу өлкөлөрдүн кыйынчылыктары абдан көп. Биздей дагы дүйнөдө 30-40 өлкө табылат экен. Буларга дүйнөлүк коомчулук өзүнчө бир жеңилдик берип, жакыр өлкөлөргө жардам көрсөтүшү керек. Былтыркы сессияда президент Сооронбай Жээнбеков суу маселесин койгону баарыбызга белгилүү”, – дейт Роза Исаковна.

Коомдук ишмер студенттерге ар бир өлкөнүн алдында 2030-жылга чейин кандай жол менен барабыз деген стратегиялык программасы бар экендигин айтып берди. Жаштар унутпай, эстеп жүрө турган 2-3 эле нерсе бар.

“2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү деп жатабыз. Унутпагыла ушуну! Негизи 2-3 эле маанилүү нерсе бар. 2030-жыл, туруктуу өнүгүү жана алдыдагы стратегялык 17 максат. Алардын катарында жакырчылык, билим берүү тапшырмалары бар. Планетадагы ар бир адам жете турган ушул 17 максатты билиши керек.  Ооба тарыхты казып түбүнө жетиш керек. Манасты билишибиз зарыл. Бул биздин идентификациябызды аныктоо үчүн керек. Бирок эски нация болсок да жаңы мамлекетпиз. Жаңы чакырыктарга жооп берүү керек. Силер дүйнөлүк ориентацияда муну билип сезип турушуңар керек”, – дейт экс-президент.

Экс-президентти нааразы кылган дагы бир маселе, биздин эң жөнөкөй бирок маанилүү маалыматтардан артта калганыбыз.

“Союз учурунда Армения, Грузия баары менен бир паста эле сүйлөшүп койчубуз. Чоң-чоң жыйындар Москвада уюштурулуп ага окумуштуулар, артисттер, инженерлер деп эмгектин алдыңкылары чакырылат эле. Азыр болсо жалгыз төрт дубалдын ортосунда калдык. Бир капталыбыздагы Өзбекстанда эмне болуп жатканын билбейбиз. Айткылачы кайсы сайтты карайсыңар Өзбекстан жөнүндө маалымат алаарда? Ошондой эле Тажикстанды да билбейбиз. Орто Азия чөлкөмү деп коет бизди, анда дегеле эмне болуп жатканын, жаныбыздагы кошуналар кантип жашап жатканын билбейбиз. Алардын эмне проблемалары бар?”, -дейт мурунку өлкө башчы.

Ошондой эле Роза Исаковна жакында эле Арменияга барып, армениялык жана орусиялык белгилүү ишмер Рубен Варданяндын билим берүү боюнча инновациялык долбоорлору менен таанышып келгени жөнүндө айтып берди. Рубен Варданян КМШга социалдык ишкер, импакт- инвестор, венчурдук филантроп катары таанымал инсан. Ишкерлик менен бирге билим берүү, гуманитардык жана кайрымдуулук иштери менен алектенип келет. Варданяндын долбоорлорунун бир бөлүгү Орусияда жана КМШда билим берүү демилгелери менен байланышкан. Москвадагы атактуу “Сколково” мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Өспүрүмдөр үчүн “Дилижан эларалык мектебинин” негиздөөчүсү. Билим берүүдө “ачык мейкиндик” принцибин колдонуп келет. Балдар үчүн билим алууда, чыгармачылыкта эркиндик, ачыктыкты алдыга коет. Ошондой эле Варданян фонд түзүп дүйнө жүзүндө жакыр өлкөлөргө, качкындарга жардам берип келет.

Мындан сырткары Отунбаева болочок тарыхчыларга Кыргызстандагы музейлер маселесин козгоду.

“Музейлер иштебейт. Бишкектеги Фрунзе музейин этнографиялык музей кылуу керек. Жалал-Абадда аймактык музей жок. Бакенде аймактык музей жок. Же Баткендин тарыхы жокпу? Азыр жергиликтүү университет иштеп чыгууда. Ошондой эле кой жүнүнүн музейи жок. Койдун породалары, жүндүн түрлөрү, кантип багылат, каралат, көбөйөт?”, – дейт экс өлкө башчы.

Таанытуу демекчи, өзү жетектеген фонд алдыдагы апрель айы бою өтө турган  “Жибек-Жолу” аттуу долбоорго даярдык көрүп жатат. Анда ар бир мамлекетке аянт берилип, ар бири өз өлкөсүн таанытуусу керек.

Тарых факультетинин студенттери экс-президентке Манастан кеп козгошуп, эпостун “Каныкейдин тайторуну чапканы” бөлүгүнөн үзүндү айтып беришти. Роза Исаковна Манас дегенибиз менен азыр аны биз, өзгөчө башка тилде окуган шаардыктар жакшы билбей турганын кошумчалады. Түшүнүктүү болсун деген максатта “Отунбаеванын демилгелери” фондусу Бексултан Жакиевдин тексти боюнча “Манасты” манго тилинде, башкача айтканда комикс ирээтинде басып чыгарышканын эске салды.

“Манасты билген жакшы, тарыхты билген жакшы. Ушул арада адам рационалду болуусу зарыл. Жаштар келечекке иштеп, пландары болуусу керек. Анан албетте англис тилин өздөштүрүү керек. Реформа бул бүгүнкү чакырыктарга жооп бермей!”, – деп сөзүн жыйынтыктады Роза Исаковна.

Баарлашуу жалаң тарых туурасында болбосо да, тарыхтын бурулуштары болуп кала турган окуялар туурасында уланган сөздөр менен жолугушуу максатына жетти дешет студенттер. Эң негизгиси улуу башын кичүү кылып чакырыкка студент дебей келип бергенине ыраазычылыктарын билдиришип, камдап койгон белектерин тапшырышты. Албетте эстеп туруу учун эстеликке сүрөткө түшүштү.

Студенттердин окуусуна ийгилик, Роза Исаковнага бекем ден-соолук каалайлы!

Автор: Кундуз Азарбекова

И. Арабаев атындагы КМУ

Related Posts

Добавить комментарий